Темир Назаров "Ат келет"
04:08
3,78 Мб
Жүктөлгөн: 07-07-2015
Жанр: Поп
Сөзү:А.Чойбекованыкы
Обону:Шамшыбек Өтөбаевдики
Көчүрүү
  • Currently 3.89/5
(9 добуш)
Урматына Манастын дүйнөдөн эл келишти,
Кылым айтып түгөткүс кызык тойду көрүштү.
Түнкү уядан Ала-Тоо - ат чабыштын марасы,
Күлүктөрдүн күлүгү сыналышат карачы.

Кайырма:
Ат келет, аттар келет,
Желдей учуп бат келет.

Дүңгүрөтүп Жер шарын Аккуладай арышы,
Бабалардын салты экен, аргымактар жарышы.
Куштай учуп-сызышат, тоо-талааны калтырып,
Кетери чын, ким чыкса, сыйлыктарды артынып.


"Ат - адамдын канаты" деген сөз бар элимде,
Ат туягы баспаган жер жок чыгар жеримде.
Куйрук-жалы төгүлөт, көз кандырат сымбаты,
Жакшылыкта той берген кыргыз элим кымбатым.

Кайырма:

Комментарийлер (13)

08.07.2015. 01:05
 sumka
At kelet attar kelet jeldei u4up bat kelet! Sonun yr ee maga jagat!!!
08.07.2015. 19:37
 Jigitronic
Ушу Темир баланын туулган жер деген ырынан башкасын билбейт экем,багын ачкан ыры эле ошол.
09.07.2015. 06:08
 Kg.princ
Мм укса болот.
09.07.2015. 15:54
 Мэри
Бул ыр "Манас" эпосунун 1000 жылдыгына карата чыкса керек эле. Жаңылбасам, ошондо Турция - Иран - Азербайжан - Түркмөнстан - Өзбекстан - Казакстан - Кыргызстан маршруту боюнча ат чабыш болгон. Бул өтө чоң иш-чара да. Ырдын мааниси, тексти, тарыхы өзүнчө сөз кылууга татыйт.
Ыр сонун, мага жагат...
09.07.2015. 16:04
 Bekbolot.ilyazov
Урматтуу админ Гульжигит Сатыбеков тууралуу маалымат жазсаныздар жаны ырларынан жуктоп коюнуздарчы. Роза Аманова, Бактыгул Бадыева, Ильяз Абдразаков, Айжамал Кабылова, ж.б.у.с. ырчыларды унутуп койдунуздар. эске алып койсонор !!!!!!!!!!!!
09.07.2015 16:13
admin_media
Bekbolot.ilyazov, саламатсызбы! Сунушуңузду тиешелүү бөлүмгө кабарлап коебуз, рахмат! Мындан кийин сураныч же сунуштар болсо info@super.kg же admin@super.kg даректерине жазып жөнөтсөңүз болот.
09.07.2015. 16:06
 jigitaly
Admin Гулжигит Сатыбековтун жаны ырларын жуктонуздорчу сураныч
09.07.2015 16:13
admin_media
jigitaly,
Саламатсызбы! Сунушуңузду эске алабыз, рахмат!
10.07.2015. 00:12
 Janybek.
aлaр жaны ыр чыгaрбaсa нeни жуктойт
10.07.2015. 14:45
 urmat90
Темир брат азаматсын. Сенде талант десе талант, ун десе ун баары бар. Жакшы дагы бийлейсин. Бир гана айтаарым жалкоолонбой коп-коп чыгып тур.
14.11.2015. 22:19
 baby
эх какая песня а какой гоолос....
18.01.2016. 09:50
 barlas86
админ темир назаровтун бек байкеге таандык жапалак атту чыгармасын жуктоп коюнуздарчы
18.01.2016 15:46
admin_media
barlas86,
Саламатсызбы! Сунушуңузду эске алабыз, рахмат!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо