Токтобүбү Черикчиева "Барайынбы?"
04:04
3,73 Мб
Жүктөлгөн: 10-07-2015
Жанр: Эстрада
Сөзү:Гүлжамийла Шакированыкы
Обону:Бакыт Мамаевдики
Көчүрүү
  • Currently 3.50/5
(2 добуш)
Жазында, гүлкайырлар буралганда,
Жан дүйнөм өзүңдү эңсеп суранганда.
Сагынып, сагынчымды ырга айлантып,
Сага мен барайынбы кубанганда?

Болсом да ушак-айың башкаларга,
Көрө албас, көңдөйлөрдөн чарчаганда.
Булактын мөлтүрүндөй сөздөрүңдү,
Угууга барайынбы чаңкаганда?

Ойлонуп болбостукка кейигенде,
Отурам кусалыктан өйүгөндө.
Саргайткан санааларды бөлүшүүгө,
Сага мен барайынбы кейигенде.

Сүйлөшсөм кубаттанып эс аламын,
Мен сага барайынбы, чарчаганда?
Сүйлөшсөм кубаттанып эс аламын,
Сага мен барайынбы, кубанганда?

Комментарийлер (2)

10.03.2016. 03:57
 jusupova
Гулжамиля эжеге таазим мазмундуу ырына, Токтобубу эжеге таазим жеткилуктуу аткарганга!
10.08.2016. 13:51
 LenaJ
рахмат !!! Ушул ырды издеп жургом созу да обону соонун!!!

1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо