Айымжан "Ак бата"
03:08
2,87 Мб
Жүктөлгөн: 10-07-2015
Жанр: Поп
Сөзү:Жолдошбек Мамажановдуку
Обону:Жолдошбек Мамажановдуку
Көчүрүү
  • Currently 4.82/5
(17 добуш)
Айрымдарга жагар, мүмкүн, жакпаса,
А мен үчүн ыйык нерсе ак бата.
Кылымдарды келе жаткан карытып,
Неге болбойт жакшы салтты сактаса?

Карап турсаң ак сакалдуу адамды,
Суу куйганда алкап сенин балаңды.
"Өмүрлүү бол, таалайлуу бол, садага,
Эл уулу бол!" деген сөзү жаманбы?

Же ымыркай көз жарганда жаңыдан,
Ата-энеси бата тилейт баарынан.
Неси жаман, келген элдер деп турса:
"Өмүрлүү бол, жүзгө жаша, карыган".

Бакыт тилеп, таалай тилеп, бак тилеп,
"Эл уулу бол!" деген кандай жакшы кеп!
Бул тилектер - адалдыкка чакыруу,
Тилеп жаткан адамдарга ак тилек.

Бул тилектер - дилдердеги тазалык,
Ошондуктан карылардан бата алып.
Кандай сонун болор эле деп ойлоймун,
Кала билсек элдин уулу, кыргыз уулу аталып!

Комментарийлер (29)

10.07.2015. 18:19
 suiuktuujar
Жакшы ыр экен.
10.07.2015. 19:15
 Altysh_Boldush
Булбулдай уну жагымду ырдайт экен. Ийгиликтерди багынтта бер.
10.07.2015. 19:44
 dastan_nookat
Ак бата мыкты ыр го !!
10.07.2015. 21:58
 Jenish.95
Голосу жагымдуу екен
11.07.2015. 07:13
 KG0091
Eeexxx unun karagylachy ennn sonun tim ele dem alasyn ugup.tembry sonun shirin unu bar eken kudai ozu koldosun seni iygylyk karyndashym( kozu)
11.07.2015. 23:02
 Eldiyar85
Уну соонун озу да татынакай
11.07.2015. 23:11
 maks94.kb
Азаматсын Айыма мен сени суйуп калдымго чиркин
талантына таазим
13.07.2015. 18:21
 ronni07
Эн мыкты аткарылган! Эски ырга жаны жан бериптирсин)
10.08.2015. 08:37
 Talgat87
Бул ырлары мн бул кыз Самараны "Давай досвидание"кылат го.Азаматсын!
12.08.2015 01:34
san4ik.B
Talgat87, Кайсы Самара блду экен? Экоону салыштырайын
12.08.2015. 01:28
 san4ik.B
Соз жок ыр болуптур угуп тадабай койдум
13.08.2015. 17:34
 dastan_nookat
Клипбин деле кошуп койсонуздар
14.08.2015. 10:32
 sale-81
ссупер, алга
16.08.2015. 03:23
 Elusha88
Клипти дагы чыдамсыздык менен кутуп жатам..Умница.Унуно баракелде.Кайра кайра уккандан жадабайсын
17.08.2015. 23:50
 nak
укса болот эми
30.08.2015. 18:49
 Jentelman
Саламатсыздарбы?Ырдын текстин кошуп коёсуздарбы?
04.09.2015. 02:40
 barsovich
Менимче бул ыр Жолдошбек Мамажановдуку болсо керек.Азамат,сонун ырдаптыр.Чыгармачылык ийгиликтерди каалайм.
05.09.2015. 17:49
 zinza.girl
суперчилер, бул ырдын минусовкасын кошуп коесуздарбы сураныч
07.09.2015. 22:11
 zinza.girl
Супер инфо сураныч биздин сунуштарды эске алып койсонуздар
01.10.2015. 12:13
 Benos
Мыкты ырдаган. Айымка азамат
24.10.2015. 16:11
 Positive
урматтуу супер-инфо жамааты ушул ырдын минусовкасын да киргизип коюнуздарчы абдан керек болутат же мага ссылка берип коюнуздарчы
06.11.2015. 01:25
 syimyk9897
Айыма сенин үнүңдү абдан. жакшы ушунуңдан жазба
12.11.2015. 03:25
 Jantaev
Суйуп калдым. Унуно талантына таазим.
26.04.2016. 12:04
 Bekish-kg
минусовкасы барбы админ?
26.04.2016 14:31
admin_media
Bekish-kg,
Cаламатсызбы! Тилекке каршы биз минустарды жүктөбөйбүз. Шилтеме аркылуу кирип минус жүктөп жаткан колдонуучуларга купуя кат менен кайрылып көрүңүз http://www.super.kg/media/?only=useraudio&category=11
27.05.2016. 00:38
 Asyl19.09.90
Олло жагатда ушу кыз
13.12.2016. 11:40
 asi_312kg
Админ авторлорун жазып койсонор!
01.02.2017. 00:23
 nakusia.98
Азаматсын ийгилик!
25.04.2018. 12:55
 aikitili
Molodets.ununo bereke.en soonun yr,en soonun kyz.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо