Баястан, Бегиш "Алгалай бер"
03:29
3,19 Мб
Жүктөлгөн: 13-07-2015

Бул ыр Casper менен биргеликте аткарылган
Жанр: Рэп (Хип-хоп)
Көчүрүү
  • Currently 4.50/5
(4 добуш)
Билем азыркы убактар,
Көңүлүң менен кулак сал.
Түбөлүк эмес ачкалык заман,
Жылмаюуга сен убак тап.
Өтөт күндөр жүрөктү өйкөгөн,
Көңүлүң үчүн мен өрттөгөм.
Сөзүн жазгам чын жүрөктөн,
Ишен, эртең сонун бүгүндөн.
Артта болсун оор мезгил,
Ар бир көз ирмемди сезгин,
Эч качан чөкпө, жашыңды төкпө,
Жашоонун ширесин эзгин.
Сен таза болуп, мен таза болуп,
Өнүксүн кыргыз элим,
Эркиндик келди эми,
Кусалыкты сен кемит.
Кандай гана күн болбосун,
Жаныңда досторуң болсун сенин.
Жакшылыкта келип бөлүп кубаныч,
Жамандыкта жаныңа келсин,
Бул жашоодо биз бир жашайбыз,
Ошону унутпайлы,
Убакытты барктай бил,
Солго тартпайлы, чындыкты байкайлы,
Жоголсун бар кайгы,
Алдыга аттайлы.

Алгалай бер бергин менин элим, ишен,
Келечегиң кең сенин,
Бар керемет, жериң,
Ак көңүл жердештериң.
Бар эне тилиң,
Бар эр, азамат желдеттериң,
Көңүлүңдү көтөр элим,
Сен кап этпегин,

Сен кап этпегин,
Жамандын чегине жетпегин,
Өмүрдүн ач дептерин, китептерин,
Сен кирдетпегин...
Тарыхка калтыр из, толукта болсун кемсиз.
Кыргызстанды калтырба жемсиз,
Кудайым өзү береке берсин!

Бул деген заманбап мезгилдин ыргагын,
Билдирип, достукка чакырган ыр.
Сездиңби мезгилдин учканын,
Убакыт тутканын, кунт салып, унутпа жыл,
Билсең менин элим жылып келет бат,
Билип жүргүн дос, сенде деле керек бар.
Өмүрүңдө бир жолу сен,
Жериң үчүн белек тап.
Көңүлүңдөн чыккан салым, аябастан берип сал.
Карабагын, адамдардын амалдарын,
Аларга сен камалбагын,
Алдамчыга алданбагын,
Жамандыкка жалданбагын,
Жардам берчү балдар барын,
Арзан келчү жандар барын,
Алар менен камданбагын, сен!

Комментарийлер (5)

13.07.2015. 15:58
 Koshaly
мага аябай жакты жакшы рэп )))
14.07.2015. 00:47
 Bek94
Жакшы чыгыптыр.
03.08.2015. 13:22
 dastan_nookat
Жакпады ырынар мырзалар
04.11.2015. 06:28
 Myrza97
Сөзүн кошуп коёсузбу
27.11.2015. 15:54
 nurkojo
Алга жигиттер
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо