Ильгиз Абдалиев "Сүйкүмдүүсүң, жаным, секетим"
03:20
3,04 Мб
Жүктөлгөн: 17-07-2015
Жанр: Поп
Сөзү:И.Абдалиевдики
Обону:И.Абдалиевдики
Көчүрүү
  • Currently 4.55/5
(11 добуш)
Калдың мага көрүнүп,
Маңдайыңа чачың төгүлүп,
Топ гүлдөрдөн турдуң бөлүнүп.
Көңүл түштү өзүңө,
Кадалдым мен кара көзүңө,
Сен жашайсың эми жүрөктө.

Кайырма:
Гүлдөй назик кулпунган,
Махабатка мас кылган,
Таппастырмын сендей башкадан.
Суктандырат келбетиң,
Сулуу жүздүү берметим,
Сүйкүмдүүсүң, жаным, секетим.

Сүйүү балы сен белең,
Бакытымсың жүрөк эңсеген,
Ай ааламдан күткөн арзуум сен.
Күнүм белең жалжалым,
Гүлүм сени жаным тандадым,
Жан дүйнөмдүн баарын арнайм мен.

Кайырма:

Комментарийлер (21)

17.07.2015. 20:29
 Mongol1155
Суктандырат келбетиң,
Сулуу жүздүү берметим,
Сүйкүмдүүсүң, жаным, секетим.
17.07.2015. 22:33
 Zair_Alimov
Bazar jook yr boluptur go, krassavchik bro)))
17.07.2015. 23:30
 Niet.
Мыкты
18.07.2015. 00:45
 Mediziner
Ильгиз мырзанын бул ырынын оранжировкасы
мурдагы ырларынын оранжировкасына караганда алда канча озгочо болуптур. Ал эми уну ар дайымкыдай уккулуктуу десем болчудай.
Мындан да мыкты обондорду чыгарып, эн жакшы деген ырларды жаздыра беруунузго тилектешмин. Ийгилик!
18.07.2015. 02:42
 ana222
Молодец Ильгиз соонун ыр болуптур. Ийгилик
18.07.2015. 15:32
 kanat4ik
Мааниси жагынан азыркы ырлардын катарын толуктаптыр.
Обону жакшы, бирок музыкасы текстке туура келбей калган.
Урматтуу админдер, менимче бул ырчы жонундо азыркы кунго чейин толук маалыматка ээ эмеспиз. Мумкун болсо ушул ырчыны маек же болбосо "Атактуулар Суперстанда" рубрикасына чакыруу сунушун тиешелуу болумго жеткирсениздер.
18.07.2015. 15:36
 Karagat98
Soonun,kudai buiursa tochna hit bolchudai turu bar eken.
18.07.2015. 15:38
 Pretty_boy
Создорунун вообще мааниси жок. Коруп калдым, анан суйуп калдым, андай экен эле, мындай болуп калдым
18.07.2015. 15:42
 tatynam
Нурландай ырдай албайт, бирок Нурланга караганда жонокой, жакшы жигиттей туюлат. Аракети жакшы эле экен, бирок бир нерсе жетишпей жаткандай да
18.07.2015. 15:51
 Doctor_vorobei
Четкий ыр болуптур, Ильгиз ака молодец. Угуп кор дешти эле, укканыма окунбодум
18.07.2015. 15:57
 Aigera89
Ырчы балдардан сураныч, кыздардын сырткы сулуулугун эле ырдай бербей, ички сулуулугун да ырдасанар
18.07.2015. 16:03
 Bekzat1997
Ильгиз брат Нурлан братты чанында калтырып кетет керек болсо. Ырлары угу турган ырлардан. Бул ыры дагы жакшы болуптур. Минусун каяктан тапсам болот
18.07.2015. 16:08
 Kyrgyzdyn-kyzy
Жакшы ыр болуптур гоо, бирок наушник менен уксан кулагынды жеп койоюн дейт экен. Бул ырдын озгочолугун коро албадым, бирок озгочо клип тартуусун каалайт элем.
18.07.2015. 16:11
 Neizvestno1
Жакпады, дагы бир аз изденсе болмок
18.07.2015. 21:18
 Abdyrashit.Satylganov
Азаматсын Ильгиз... Өтө жөнөкөй бала... Мага жагат.. Бой көтөрбөй жакшы сүйлөйт
19.07.2015. 01:02
 Zom
Жакшы ыр экен жакты.
19.07.2015. 10:45
 Rasul_Rahmanaliev
красавчик доске кыбыраган кыр ашат!! Ийгилик,жакшы ырлардан болот.
20.07.2015. 18:03
 dastan_nookat
Мыкты
20.07.2015. 18:14
 okumushtuu
мен бир эле жолу уктум, негедир журогумдон орун албады, (бирок журогумдо жакшы ырлар учун орун коп!) аранжировка менен эле аудитория тартам деди окшой бирок азыр угармандар тандап талдап угуп калгандай сезилет мага. Кооп ырлардын арасынан маанилуу уккулуктуу ырларды тандап дегендей
26.07.2015. 00:45
 kmLove
Молодец
10.12.2015. 23:59
 Maks_sharshenaliev15
Ийгилик доске
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо