ТААЛАЙ ЭЛЕСИ тобу "Кечиккен махабат"
04:08
3,78 Мб
Жүктөлгөн: 21-07-2015
Жанр: Поп
Көчүрүү
  • Currently 4.06/5
(17 добуш)
Алып учкан ойноок кезде кайда элең?
Ашык болуп турам сага кайра мен.
Азаптанттың селки жүрөктү эзип,
Айтчы эркем бойдок кезде кайда элең.

Жаңы ачылган гүлдү соолутасызбы?
Жаш жүрөктү агай оорутасызбы?
Бактыңыз болуп мен бирге жүрөйүн,
Башкалардан коргоп, болушасызбы?

Кайырма:
Менин жылым токсон беш,
Менин жашым отуз беш.
Болбойт дешет, болбойт эч,
Махабатты келген кечигип,
Кыйнабачы эми кезигип.

Жаштыгыңды мага арнап салууга,
Сүйүү үчүн болуп даяр баарына.
Сүйдүң дагы мени, сүйдүрүп алдың,
Жашыбызда турат бир топ айырма.

Кичүү болсом эле, кичине дебе,
Жантай ата сүйгөн Ак Мөөрдү деле.
Бегимайды сүйгөн Раймалы ата,
Махабат деп отко күйбөдү беле.

Кайырма:

Үй-бүлөмдү ая, бузуп албайын,
Сага дагы жакшы тилек арнайын.
Мага окшогон сен да үй-бүлө күтүп,
Өзү теңиңди тапсаң экен ардагым.

Мүнөзүңүз мага абдан жагат ай,
Үмүтүм да сизден өчуп барат ай,
Тилегиңиз жетип менин түгөйүм,
Өзүңүздөй болсо экен агатай.

Комментарийлер (16)

21.07.2015. 20:29
 kirgizstan
Азаматсынар
21.07.2015. 22:13
 Ermek010292
Ыр эмесбекен.
21.07.2015. 22:34
 uragan007
молодцы. менин жашым 27 ха ха ха. от души рахмат
22.07.2015. 11:24
 ego1stka05
Супер инфо Малика Динанын-Айтчы себебин деген ырын жуктоп коесунарбы сураныч
22.07.2015 11:56
admin_media
ego1stka05,
Саламатсызбы! Жакынкы күндөрү порталдан уга аласыз.
22.07.2015. 11:56
 admin_media
Samina007,
Саламатсызбы! Сунушуңузга рахмат!
Дайыма көчүрүп алууга ыңгайлуу жана жакшы сапатта жүктөөгө аракет кылып келебиз.
23.07.2015. 18:55
 beast
Супер инфо суйуу суйуу бир келет деген саптары бар ырды кандай тапсам болот
24.07.2015 10:38
admin_media
beast,
Саламатсызбы! Аткаруучусун же ырдын атын жазып койсоңуз издөөгө ыңгайлуу болмок. Сунушуңузду эске алабыз, рахмат!
26.07.2015. 00:43
 kmLove
Жакшы
26.07.2015. 17:09
 kazemir
Тантыравагылачы
04.08.2015. 03:34
 jipara86
Жакшы ыр экен.
04.09.2015. 14:22
 Erkatay1108
Соонун ыр экен
14.09.2015. 17:57
 Nalrim86
Саламатсыздарбы бы админ мага бул ырлары ды таап беренцзду суранам....
А балким сен да тушунорсун тушнгондо окунорсун...деген ыр талай жатам кантип тапсам болот
11.10.2015. 13:32
 khamid88kg
Жакшы ырдаптыр музыкасыда сонун экен мен кайра кайра угуп атам
14.04.2017. 12:47
 kolyn
5+
02.10.2017. 23:56
 langar
Вапше супер
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо