Кундуз Таштаналиева "Көлдүн жээги"
04:21
5,97 Мб
Жүктөлгөн: 17-08-2015
Жанр: Эстрада
Сөзү:А.Айталиевдики
Обону:А.Айталиевдики
Көчүрүү
  • Currently 5.00/5
(1 добуш)

Көлдүн жээги, бирге бастык салкындап,
Жайдар мүнөз, жаз гүлүндөй жаркылдап.
Жумшак шамал бетти аймалап сыласа,
Майда толкун жээкке урунат шарпылдап.
Кошкун дедиң көпкө карап, кол булгап,
Кете бердиң пароходдо калкылдап.

Эми алысмын, куса болуп, сагынып,
Бирок дайым бирге жүрөт тамашаң.
Түбөлүктүү өмүрүмдүн шериги,
Сени сүйүп, жалгыз сени жаратам.
Ашыктыгым ого бетер артылат,
Сагынганда сүрөтүңдү карасам.

Ар бир кыял, мүнөздөрүң көңүлдө,
Унутпастан ойлойм өзүң жөнүндө.
Сары алтын дейт түбү келип сабырдын,
Сагынуунун зардабына жеңилбе.
Аз күн калды жолугушчу убагы,
Сен узаткан Ысык-Көлдүн жээгинде.

Комментарийлер (4)

01.02.2016. 23:26
 Karaeva
Сураныч,ушул ырчынын аткарган ырларынан кобуроок жуктоп койосуздарбы,мункун болсо создору менен кошо.
02.02.2016 12:46
admin_media
Karaeva,
Саламатсызбы! Сунушуңузду эске алабыз, рахмат!
03.02.2016. 18:19
 Karaeva
Сиздерге чон рахмат админ_медиа,дагы бир жаны ырдап чыккан ырын эч жерден таба албай койдум,бир аз билгендерим ал ырдан.
Ай отсо ай артынан жылдар отот,
Ал кундор кайрылып бир келбейт кайра.жардам берип койунуздарчы сураныч.
08.09.2016. 17:26
 malsirun
Кандай керемет соз жок рахмаааааааат Кундуз эже
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо