Жоодарбешим "Кыргызстаным"
03:56
3,6 Мб
Жүктөлгөн: 14-08-2015
Жанр: Поп
Көчүрүү
  • Currently 4.68/5
(22 добуш)
Кыргызстан - улуу тоолуу жердин бермети,
Ата-баба бизге калтырган.
Кыргызстан - тоо булагы толкуп-ташыган,
Ак калпактуу элдин мекени.
Көркөмү жанган кымбат мекеним,
Сен үчүн каным, жаным беремин.
Мейкинде сызган шумкарың сымал,
Уча бер алга!

Кайырма:
Кыргызстаным, өнүгүп-өскүн,
Кыргызстаным, баа жеткис көркүң.
Кыргызстаным, Кыргызстаным,
Байрагың көктөн түшпөсүн дайым.
Кыргызстаным - кыйбас турагым,
Кылымга жетсин атагың, даңкың.
Кыргызстаным - алтын бешигим,
Өркүндөп-өсүп, алгалай бергин!

Киндик каным Ала-Тоомо сиңип торолгом,
Мекен үчүн жаным да курман.
Ала-Тоого ар бир келер ымыркай үчүн,
Кыргызстанды сактайлы бүтүн.
Кыргызстаным - менин мекеним,
Кыргызстаным - сенин мекениң.
Көз жоосун алган Ата Мекенди коргойлу бирге!

Кайырма:

Комментарийлер (16)

14.08.2015. 10:39
 dastan_nookat
Оо Жодарбешим Кыргызстан жонундо ыр жаратып калыпсыз азаматыз сизге алга демекчимин молодес!!!
14.08.2015. 12:10
 Karagat98
Ushul yrchyny suiomgo suiom,boi kotorgondoi bolsoda emnegedir jagatta.Iigilik!!
14.08.2015. 12:22
 Eraly___
Озгочо ыр болуптур, азаматсын.
14.08.2015. 14:17
 jigitaly
Жакшы ♡♡♡♡
14.08.2015. 20:14
 sabyr86
Кыргызстан деп Кумар деген бала ырдачу эле го,ошонун копиясы болуптур
14.08.2015. 20:17
 lion1992
Ийгилик
15.08.2015. 00:59
 BebeU
Boi kotorgondoi korunso kerek,birok jonokoi jigit go dep oiloim.Talanttuu,emgektene ber ,azamat!
15.08.2015. 03:00
 nurgultoktogul
Башталышы музыкасы Бек Борбиевдин кыргызстанынан анан Кумар Асановдон алып туруп окшоштурайын десе деле окшобой коюптур. Эгер эми ушуну ырдаса элдин арасында отуруп мен уялам. Эптемей кылбай аракет кылса болот. Нурлан Насиптин иниси болосун го уялбай эле опыт алчы. Жердештерди уят кылбай!
15.08.2015. 12:35
 Bek94
Жакшы ыр болуптур Кайрат Нуртастын үнү го
16.08.2015. 00:32
 janka.jan
Супер ыр болуптур. Ийгилик!
16.08.2015. 20:48
 Orunbu
Урматту админ мумкун болсо Биз тобунун Дунуйо деген ырын жуктоп коюнуздарчы?!
17.08.2015. 01:49
 Beka1986
Уздунбу умутумду,сени ойлойм куну туну деген ырдын аталышы кандай,же ким ырдайт таап бергилечи суранам
19.08.2015. 17:17
 dastan_nookat
Алга Мекеним Кыргызстан!!!
27.08.2015. 15:25
 Bek94
Текстин да кошуп койгулачы
31.08.2015. 12:08
 dastan_nookat
Кыргызстан биздин олко!
20.02.2017. 12:12
 gulzada...ruslanova
Ушу ырдын минусу керек
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо