Гүлнара Кахарова "Каражан"
04:07
3,77 Мб
Жүктөлгөн: 17-08-2015
Жанр: Эстрада
Сөзү:К.Абыловдуку
Обону:К.Абыловдуку
Көчүрүү
  • Currently 4.00/5
(11 добуш)
Мейли атак, мейли байлык жыйбасам,
Мен өзүң деп дүйнө кезип ыр жазам.
Мелмилдеген дайра, деңиз суу кечип,
Мелмелжиген далай, далай кырды ашам.

Кайырма:
Сени сүйүп, сен деп күйүп ыр жазам,
Сергектенем сен жөнүндө ырдасам.
Сезимдерге тынчтык бербейт жүрөгүм,
Сени көрүп, сени карап турбасам,
Кагылайын каражаным, кайда жүрдүң мурдатан?

Менден катып жамалыңды бурбасаң,
Мен сендикмин, кайдигерлик кылбасаң.
Мерез болбо, кеч болсо да жолуктук,
Мени ая, ак сүйүүңдү сыйласаң.

Кайырма:

Жагалданып, жалбарганым кыйбасаң,
Жан дүйнөмө кантем анан сыйбасаң?
Жаралгандай бир өзүңдөн бүт аалам,
Жалгыз сага жүрөктөгү сырды ачам.

Кайырма:

Комментарийлер (16)

17.08.2015. 13:19
 daniel87
Гулнара эже ырларды да катыра кырын чыгарасыз!козунуздун сиздин козунуздон
17.08.2015. 15:27
 Мэри
Тексти да, обону да, аткаруу да бири-бирине айкалышкан жаркын чыгарма!
18.08.2015. 01:44
 Arman
Урматтуу супер кейджи сайтынын колдонуучулары жана админ "Элдик аудиого" ырларды кантип кочурот айтып койгулачы сураныч.
18.08.2015 09:12
admin_media
Arman,
Саламатсызбы!
Порталга жүктөй турган болсоңуз, http://www.super.kg/superstan/index.php?showtopic=46007 ушул шилтеме менен кирип жүктөө жолун билип алсаңыз болот.
Ал эми көчүрүп алуу керек болсо, оң жакта турган "Көчүрүү" сөзүн басыңыз.
18.08.2015. 03:16
 Beka1986
Уздунбу умутумду,сени ойлойм куну туну...бул кайсы ыр эле достор?
18.08.2015. 09:34
 satbek
Салам админ борончу байкенин дос жонундо ырдаган ырын жуктоп койгулачы сураныч
18.08.2015 11:45
admin_media
satbek,
Саламатсызбы! Сунушуңузду эске алабыз, рахмат!

Beka1986,
Саламатсызбы! Билип калсак порталга жүктөп койгонго аракет кылабыз.Модератор admin_media түзөттү 2015-08-18 14:38:08
18.08.2015. 14:12
 Beka1986
Админ,менин сунушумду да карап койгулачы
18.08.2015. 21:12
 BubleGum
Кумондор байке аз жазат бирок саз жазат!!!
18.08.2015. 22:08
 Kg.princ
Айылдын кечтери сагындырган алтындай жаштыкты чагылдырган.. Деген ырды табышып ийглечи?!!!!
19.08.2015. 11:01
 http
Ватать каражаныныздан сиздин эжекеси, кыйынсыз озу.
19.08.2015. 21:25
 joker007
Жакшы ыр болуптур,укса болот...алга эжекеси....
20.08.2015. 01:15
 Mediziner
Унунун тембри кооз, ырды мыкты аткара алган.
21.10.2015. 23:18
 alaika.kg
Урматтуу суперчилер, сураныч, ырдын текстин жазып коесуздарбы?) Чыдамсыздык менен күтөм. Алдын ала чоң рахмат!:)
24.01.2018. 19:34
 nur72
Абдан сонун дуркурогон кол чабуулар
28.04.2018. 09:22
 Sagidko88
ыр деп ушуну айт
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо