Түмөнбай Колдошов "Бара алган жокмун (New version)"
03:56
8,98 Мб
Жүктөлгөн: 27-08-2015
Жанр: Эстрада
Сөзү:А.Токтомушевдики
Обону:Т.Колдошовдуку
Көчүрүү
  • Currently 3.60/5
(10 добуш)
Мен турган тушта - сен туулган кыштак,
Тулпарлар туйлап, туйгундар учкан.
Жалгыз бир кезде жарк этти эске,
Жагоочон күндөр жадымдан чыккан.
Барайын дедим, бара алган жокмун,
Карарган деңиз, агарган толкун.

Тунарган жакты турамын карап,
Туш-туштан шоокум, шооладай жанат.
Бир мезгил келет жамгырдай төгүп,
Бир мезгил кетет шамалдай сабап.
Бүл дүйнө ушундай жаралган досум,
Карарган деңиз, агарган толкун.

Шамалбы, карбы, өкүнбөйм эч бир,
Кезинде жаады, кезинде кетти.
Тек гана дүйнө жазындай болгон,
Кумарлуу кездер көзүмдөн өттү.
Сенин да билем, тизмеңде жокмун,
Карарган деңиз, агарган толку

Комментарийлер (6)

03.09.2015. 12:57
 azella
Сезимди сергитип, терең ойго тартып кетчү касиеттүү ырларыңды угуудан ырахат алам. Талантыңа таазим, чыгармачылыгыңа ийгилик! Шедевр кайрыктар оргуштап чыга берсин көөдөнүңдөн, группалаш!
22.09.2015. 14:17
 tanges94
Ай жетелеп келсемби,жылдыз ташып тундугундон кирсемби деген ырды жуктоп коюнуздарчы?
22.09.2015 18:03
admin_media
tanges94, саламатсызбы! Сунушуңузду эске алабыз, рахмат!
18.02.2016. 11:02
 sordi
Cонун чыгармаларга обон жараткан Тумонго чыгармачылык ийгилик! Концертинди Бишкектен чыдамсыздык менен кутобуз!
20.02.2016. 22:34
 Gundula
Мага ото жагат аябай соонун ырларды уккулуктууу маныздууу музыкаларды чыгарып атат ийгилик сага
30.12.2016. 04:28
 Kurdashym_kalem
Жашоомдун бир бөлүгүн чагылдырган ыр экен...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо