Жоодарбешим "Балапан"
03:32
3,23 Мб
Жүктөлгөн: 31-08-2015
Жанр: Поп
Сөзү:Адахан Мадумаровдуку
Обону:Жоодарбешимдики
Көчүрүү
  • Currently 4.20/5
(10 добуш)
Балапан, ыйлабачы заманыңа,
Бүгүн да түшпөсө эт казаныңа.
Сен эмес, ата-энеңдин башы катты,
Боору жок бул турмуштун азабына.

Кайырма:
Ыйлаба, айланайын, жаш канатым,
Көптөгөн азап чеккен кыргыз атың.
Түшүнөм, айткан менен жеңил болбос,
Колуңда турбаган соң майлуу наның.

Күлбөсөң, көңүлүңдү көтөрбөсөң,
Кубанып өз үйүңдө төрөлбөсөң.
Кантип мен айта аламын кыргызсың деп,
Кыргыздын жеринде да көгөрбөсөң.

Кайырма:

Балапан, аман болуп, эр жеткенде,
Бактыңды таба албастан өз жергеңде.
Бабалар ушул күнгө калтырды деп,
Боз үйдө калбагайсың биз кеткенде.

Кайырма:

Комментарийлер (26)

31.08.2015. 09:28
 jigitaly
Jakshy
31.08.2015. 10:38
 Geroy
ОО Жоодарбешимден жаны ыр экен. Кызык, созу Мадумаровдуку дейби?
31.08.2015. 11:12
 nurgultoktogul
Тушунуш кыйын экен кыйкыра берип бузуп коюптур. Эмне жонундо болду анан ыр?
31.08.2015 11:43
May
nurgultoktogul,Озунду ушундай инсандардан акылдуу сезгенине уялсан боло.
31.08.2015. 11:23
 Aipri
Сонун уккулуктуу ыр болуптур. Жоодар, таасирдуу создорду ийинине жеткире ырдаптыр. Чыгармачылык эргуу каалайбыз.
31.08.2015. 11:29
 Valley.of.the.Wolves
Болбойт ыры
31.08.2015. 11:30
 topchievMaKsAtBeK
Созу мадымаровтуку дейби
31.08.2015. 11:33
 May
Азаматсын Жоодар. Адахан инсандын ырын мыкты ырдапсын. Ушул ырын хит болоруна козум жетуудо. Урматтуу супер, ырдын текстин жазып коюсунарбы. Сураныч.
31.08.2015. 11:45
 Atabaev.kg.su
Азаматсын иним ырын мыкты
31.08.2015. 11:59
 dentistka
текстин жазып койгулачы, Жоодарчик, азаматсын, бирок мынданда жакшы ырдасан болот эле. Кыйкырбай.))
31.08.2015. 15:38
 Erkatay1108
тексин жазып койгулачы
31.08.2015. 21:20
 Kayrat.skt
Кандай немесин деген ырды жуктоп койосуздарбы сураныч
01.09.2015 10:41
admin_media
Kayrat.skt, саламатсызбы!
Кайрат Примбердиевдин аткаруусундагы ырды сурап жатсаңыз:
http://www.super.kg/media/audio/148191/
31.08.2015. 23:44
 momposui22
Анча жакшы эмес
01.09.2015. 09:40
 Zai0888
Сопсоонун эле болуп турат!!! Жоодар байке азаматсыз, ыр да мыкты. Ийгилик.
01.09.2015. 11:03
 Kayrat.skt
чооон ырахмат жуктоп алдым
01.09.2015. 11:57
 kyrgyz.lark.ru
Жакшы
01.09.2015. 22:02
 kirgizstan
Ырдын саптары ото жакшы жазылган. Музыкасы окшошпой калыптыр. Башка эле обон салбаптыр чайналып тушунуксуз эле ырдап салыптыр.
02.09.2015. 09:12
 welldone
Жакшы жазылган ыр экен созу обону аябай терен аткаруу чеберчилиги да соонун
02.09.2015. 11:23
 fanatka19
ХХХ ХХХ коюшуп,ыйлаба деп ыр жазып койгон го.Модератор admin_media түзөттү 2015-09-02 12:02:57
02.09.2015 12:03
admin_media
fanatka19, кимдир бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирүүдөн алыс болуңуз!
02.09.2015. 14:49
 uli95
Жакшы ыр екен
02.09.2015. 15:30
 joker007
Акын поэзия окугандай эле болуптур
08.09.2015. 12:15
 Asema89
Super.kg рахмат. Мен ушул ырды кочуруп алдм. Жоодарчиктин унун гооо.
23.09.2015. 13:43
 Adelya22
Омей, ыйлай турган ыр гоо.
02.10.2015. 14:55
 mayram-akmat
Жакшы
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо