Мирбек Атабеков "Мөлмөлүм"
03:07
2,86 Мб
Жүктөлгөн: 07-09-2015
Жанр: Поп
Сөзү:Барпы Алыкуловдуку
Обону:Барпы Алыкуловдуку
Көчүрүү
  • Currently 3.94/5
(17 добуш)
Беттин көркү нур менен,
Белдин көркү кур менен.
Биз сүйгөн сулуу Мөлмөлүм,
Белгилүү болсун ыр менен.
Эки илебиң кызыл гүл ачылгандай, Мөлмөлүм.
Бир карасаң жүрөккө от
чачылгандай, Мөлмөлүм.
Маңдай чачың Маргалаң
жибегиндей, Мөлмөлүм.
Сенин ышкың баланын
тилегиндей, Мөлмөлүм.

Өтүмдүүсүң Өзгөндүн
күрүчүндөй, Мөлмөлүм.
Созулганың зергердин
күмүшүндөй, Мөлмөлүм.
Майиндигиң жоргонун
жүрүшүндөй, Мөлмөлүм.
Гүлзар кылчы жүрөктүн
какшып жаткан чөлдөрүн.

Күйдүм, Мөлмөл, аппагым,
Ааламдан сендей таппадым.
Издеп-издеп күн-түнү
"Мөлмөлүм!" деп какшадым.
Секин баскан бутуңдан,
Сейдана мончок жытыңдан.
Кадам койгон бутуңдан,
Калемпир мончок жытыңдан.
Чыныга куйган бал болсоң,
Чымындай ага малынсам.
Чыга албай жатып ошондо,
Чын өзүңө багынсам.
Чыгарып койсоң боор ооруп,
Чырагың болуп жагылсам.
Алты оролуп мойнуңа мен,
Ак маржан болуп тагылсам.

Берейин десем малым жок,
Мал табууга алым жок.
Кедейликтин дартынан,
Тышым жалын, ичим чок.
Бирок да мунун баарына
Карабайт экен көңүл шок.
Көрүнүп койсоң бир жолу,
Булуттан чыккан айга окшоп.

Комментарийлер (24)

07.09.2015. 17:39
 izka544
Жакшыыыыы болуптур ыр,))) бирок ырдын аякжагында уну жакшы угулбай калыптыр!!!
07.09.2015. 17:49
 dastan_nookat
Мега жылдыздан мега ыр!!!
07.09.2015. 17:59
 Erkatay1108
жакшы ыр болуптур ушул ыр менен ооруп журом канча кундон бери
13.10.2015 02:32
Nurluujan16
Erkatay1108, men dagy
07.09.2015. 18:26
 izka544
Текст песни и Минусовку добавите вообще супер было бы )))
07.09.2015. 18:41
 obon
Азаматсыз мирбек байке
07.09.2015. 21:09
 Aman.n
жакшы чыгыптыр мындайча айт канда гимикс экен
07.09.2015. 21:38
 Jentelman
Ушуну качан жуктойт деп жаттым эле
08.09.2015. 00:29
 maks.kg.11
Админ эмнеге супер инфодон откоргон музыкаларым окубай жатат
08.09.2015 10:50
admin_media
maks.kg.11, саламатсызбы!
Кайрадан жүктөп көрсөңүз. Дагы да көйгөй кайталанса, купуяма жазсаңыз.
10.09.2015. 17:20
 manas_skf
Жаны Club стилде чыкканго.Минусовкасын жуктоп коюнуздарды суранабыз!
13.09.2015. 23:04
 AyPeKa
Адаттагы эле Эрчиме башталганго. Бироо жакшы десе баары жакты дейт.
Мага анча жаккан жок. Менин жеке оюм автордун ыраазылыгы жок текстти озгортууго болбойт, тем более бул ыр эски элдик классикадан. Кароче бузуптур.
15.09.2015. 11:05
 amanatym
Ырды эмне мынчы бузуп салган, башка ырды ырдаса жакшы болмок уну жете турган ырдайт десе ырдай бербей
22.09.2015. 23:35
 Nur9397
жакшы болбоптур
05.10.2015. 09:19
 Nur0701
Азаматсыз Мирбек! Мега звезда
23.10.2015. 22:08
 Adylbekov
админ Мирбектин Ал деген ырын жуктоп коёсунарбы
10.11.2015. 23:12
 Bermet_Kasymova
Баракелде!!!
17.11.2015. 15:31
 dastan_nookat
Хит!!
28.11.2015. 01:52
 MegamozG_91
Ээ баракелде Мирбек,накиа тойлордо ала турган ыр болуптур го
04.01.2016. 19:57
 oscar
клип андан жакшы болуптур
10.02.2016. 21:19
 Benos
Мирбек менен Абидин Темировдун ырын киргизип койгулачы сураныч
12.02.2016 21:49
admin_media
Benos,
Саламатсызбы! Сунушуңузду эске алабыз, рахмат!
05.10.2016. 21:29
 Bekbosun7373
Минусун жуктоп койгулаачы сураныч
25.11.2016. 08:09
 kilim
Ушул ырдын минусун жуктоп койгулачы
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо