Самара Каримова "Кыз узатуу"
03:52
4,42 Мб
Жүктөлгөн: 08-09-2015
Жанр: Эстрада
Сөзү:Сайра Батыркулованыкы
Обону:Казак элиники
Көчүрүү
  • Currently 4.22/5
(9 добуш)
Эселегим элиңде,
Эркеледиң өмүргө.
Кадам таштап барасың,
Балалыктан келинге.
Кызым, кызым канатым,
Учук улаар санатым,
Бата тилеп узаттым,
Бактың менен жанашкын.

Аруу, асыл таң элең,
Алдейлеген көлөкөм.
Ата-энеңдин тилеги,
Бактылуу бол берекем.

Кызгалдактай жан элең,
Кыйбай калды апакең.
Кылым баскан нарк менен,
Кыз узатуу салт экен.
Кызым, кызым чырагым,
Бой тиреген чынарым.
Айылыңдан аттанып,
Кайын журтка узадың.

Асыл ойдун эми бол,
Акыл ойдун кени бол.
Ак жоолугуң булгабай,
Алганыңдын теңи бол.

Тууруңдан учуп, түндүгүн бизден бөлүнүп,
Барасың эми, кайын журт күткөн куттуу үйгө.
Жүрөгүң менен жакшылык тилеп кабыл ал,
Өз үйүң ал да, өз үйүң ал садага...

Барган жерден так тапкан,
Бала таап, бак тапкан.
Келин болгун ыймандуу,
Айылыңа бүт жаккан.
Кайрылыштан суу алгын,
Кайненеңден дуба алгын.
Кабагыңды бүркөбө,
Кайын журттуң кубансын.

Барган үйгө кут болгун.
Босогоңдо бут болсун.
Көшөгөңдү көгөртүп,
Алган жарга жуп болгун.

Ар тилектин эми бол,
Акыл-ойдун кени бол.
Ак жоолугуң булгабай,
Алганыңдын теңи бол.

Кызым, кызым чырагым,
Бой тиреген чынарым.
Айылыңдан аттанып,
Кайын журтка узадың.

Комментарийлер (33)

08.09.2015. 16:19
 kachy0212
Айперини туураган окшойт
08.09.2015. 17:26
 bolotbai
Самара сезон менен иш кылат да,жаз келгенде Жаз деген ыры,9-майга жакын жениш куну ыры,эми кузго тойлорго карай той ыры.Жакында шайлоо жонундо ыры жарык корот...
08.09.2015 23:13
sumka
bolotbai, hihihih sizdikin okup bir kulup aldym )))) jakshy aitypsyz!
08.09.2015. 17:42
 cindrella
Айпери экоо атандаш окшойт а?
08.09.2015. 18:21
 maksi_9200
мага жакты молодец укпа эчкимди унун булбул
08.09.2015. 18:30
 deva
Сонун ыр экен!Андай-мындай деп сын айткандын эмне кереги бар?! Андан көрө биз да кыз узатып, уул үйлөп ушул ырды ырдай турган мезгилге жетели деп тилек кылалы, тууганчиктер!
08.09.2015. 23:15
 sumka
Emiiii tezinen klip tarta salsan klip korup jatyp kalaly a to slu4nooo bolup baratat))))
08.09.2015. 23:19
 Valley.of.the.Wolves
Супер
08.09.2015. 23:30
 saparali96
Чыныгы талант унду караныздар адамга жагымдуу ииййгилик эжеке
09.09.2015. 21:19
 salidat8087
Ушул ырчы качан озу чыгарган ырды ырдап чыгат болду экен элдикин эле ырдап журот эч эле жакпайт ушул ыр кыскасы фуфло.

10.09.2015. 09:16
 Flander
Самара бул өсө турган ырчы,азаматсың өркүндөп өсө бер.
10.09.2015. 10:06
 M89
Кызым кызым чыгарагым, бой тиреген чынарым деген саптары жакты. Сонун чыгарма болуптур. Рахмат Самара. Дагы жакшы ырларды кутобуз.
12.09.2015. 22:30
 dastan_nookat
Самара еже алга! Алга!
13.09.2015. 19:23
 kyma9183
Маанилуу сонун ыр экен. Азамат!
13.09.2015. 19:27
 princ
Сонун
17.09.2015. 21:45
 elvira1980
Урматтуу супер инфо сиздерден сураныч Самара Каримованын кутомун ж.б. аккардеон менен ырдалган ырларынын минусовкасын кочуруп бербейсиздерби аккардеон менен коштолсо жакшы болмок.жандуу ырдаган ырларынын минусовкасы болсо жакшы болот эле.
18.09.2015 10:19
admin_media
elvira1980, саламатсызбы!
Тилекке каршы, биз минустарды жүктөбөйбүз. Балким "Элдик аудио" бөлүмүнө колдонуучулар жүктөп калышат.
20.09.2015. 14:42
 Саби
Создору маанилуу, жакшы ыр болуптур.Ушундай жакшы жазган акындар менен иштешсен,диалект жок созуно обону жарашкан жакшы уккулуктуу ыр болуптур.Суперчилер ырдын текстин жаза кетесинерби?
22.09.2015. 16:55
 deva
Назми да ушул сыяктуу ыр ырдаптыр ага жарашпай калыптыр
09.10.2015. 22:05
 Galia1990
Алга Самара соонун ыр экен
09.10.2015. 23:50
 Zari2013
Аябай сонун ыр, создору маанилуу. Азамат Самара, ылайым кудайым баарыбызга ушул кунду насип этсин!
24.10.2015. 21:46
 Sunrice
Сонун ыр
26.11.2015. 16:11
 DilaraHamza
Сонун ыр!Самара унунузго баракелде!
27.11.2015. 19:43
 ibro
Кандай кылбасын талантына рахмат, мен Самарага ийгилик каалайм, сонун ырларын, ылайым ырчылардын алды болгун...
25.12.2015. 11:45
 amanatym
ушул ырды Гулзат Байзакованын аткаруусунда уксанар ссонун да, а самаранын уну жетпейт ырды жеткидей ырдай алган эмес!
07.07.2016. 03:57
 MEDEROLLA
Колунан эч нерсе келбеген инсан,
сындаганды жакшы билет
17.01.2017. 20:31
 akush97
Самара Каримованы сыйлайм.уну сонун,жакшы ырдайт.
03.02.2017. 15:09
 ferrara2014
Samara ozynyn ukkuluktyy yny bar abdan talantty yr4y, atkaruu4u. Al emi obon jaratsa obon4y bolmok.Owonduktan "atkaryy4y" jana "abon4yny" degen kim ekenin auirmalap anan comment jazsak.
23.03.2017. 17:30
 Batma.Sh
Сонун болуптур!Азамат!
30.07.2017. 23:12
 byityska
сонун ыр экен
21.01.2018. 11:49
 Bilal2014
Творческих успехов.
11.04.2018. 15:19
 Miumiu22
Сонун ыр болуптур,мазмуунду.Биз да буйруса кыз узатып,уул уйлойлу.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо