Салтанат Аширова "Сени ойлосом"
05:55
5,42 Мб
Жүктөлгөн: 16-09-2015
Жанр: Поп
Сөзү:С.Шимеевдики
Обону:Ү.Сыдыковдуку
Көчүрүү
  • Currently 3.75/5
(8 добуш)
Сени ойлосом, канат бүткөн көңүлгө,
Бек сакталып жүрөгүмдүн төрүндө.
Таалайымдын жаркыраган жылдызы,
Махабаттын гүлүн терген өмүргө.

Алыс жакта жүргөнүңдө сагынып,
Жалынчумун, жаным, сага кагылып.
Кирпик какпай таң атырам далай түн,
Карааныңды бир көргөнгө зарыгып.

Күндөн-күнгө менден четтеп кеткениң -
Муздак сууну жалыныма сепкениң.
Асыл курбум, чыгардыңбы эсиңден,
Тунук сүйүү бизге таасир эткенин?

Сен унутсаң, мен унута албадым,
Элесиңди көңүлгө бек сактадым.
Менден башка бар турбайбы сүйгөнүң,
Анда неге сүйөм дедиң, алдадың?

Комментарийлер (8)

16.09.2015. 22:14
 Lachokgz
Сонун чыгыптыр
17.09.2015. 16:49
 Нуркыз Курманбек кызы
Анжеликаныкы менен салыштырып оюнарды жазгылачы. Копчулуктун оюн уккум келип жатат. Менимче просто и шикарно болуптур. уккулуктуу ээ?
18.09.2015. 06:27
 dastan_nookat
Анжелика мыкты ырдаган!!
18.09.2015. 14:40
 joker007
Экообу тен эле бирдей эч кандай озгоруу билинбейт,бири ырдаганды экинчиси ырдабай эле койсо болмок баарибир андан ашып ырдай албагандан кийин,экообунун тен эле уну жок экен...
18.09.2015. 16:07
 Мэри
Бул ырды Алина Жетигенова, андан кийин Жылдыз Осмоналиева ырдаган.
Салтанат Ашированын үнү, кээ бир жерлери, Жылдыз Осмоналиеванын аткаруусундагы вариантына окшоп кетет экен. Экөөнүкүндө кандайдыр бир окшоштук бар...
21.09.2015. 13:07
 fanatka19
Анжелика жакшы ырдаган.
28.09.2015. 22:27
 dastan_nookat
Анжелика ырдаганга эч бири жетпейт
02.11.2015. 18:53
 Aichoy
Бул ырдын музыкасы окшобой калган и унуда топ келишкен эмес кечиресиз, Анжелика ырдаган версиясы соонун чыккан бут баары топ келишкен.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо