Исирадин Аманбаев "Эй, кыздар..."
03:26
3,14 Мб
Жүктөлгөн: 29-09-2015
Жанр: Эстрада
Сөзү:Исирадин Аманбаевдики
Обону:Исирадин Аманбаевдики
Көчүрүү
  • Currently 2.00/5
(2 добуш)
Мөлтүрөгөн тунук булак шылдырап,
Назик желге жазгы жамгыр тыбырап.
Махабаттын өлбөс күүсүн терметип,
Тээ алыстан торгой үнү угулат, угулат.

Кайырма:
Эй, кыздар, эй, кыздар, эй, кыздар,
Келбейлиби бак аралап бир басып,
Көңүлдөгү айтылбаган сырларды,
Чечпейлиби бирге олтуруп, сырдашып.
Эй, кыздар, эй, кыздар, эй, кыздар,
Жүрбөйлүбү айлуу түндө бир басып.
Жымыңдашкан жылдыздардын алдында,
Кол кармашып сүйүү ырын,
Кол кармашып жаштык ырын,
Шаттык ырын ырдашып.

Кеч да кирди, көктө жылдыз жымыңдап,
Ай баратат сүйүү ырына ыр улап.
Ээнсиреп бак-дарактар арасы,
Кыз-жигиттер келсе экен деп шыбырайт.

Кайырма:

Комментарийлер (1)

22.10.2015. 00:55
 uli1990
соонун ыр да. дагы ырданыз агай. дагы
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо