Бурул Арунова "Таалайыма"
03:22
4,62 Мб
Жүктөлгөн: 08-10-2015
Жанр: Поп
Сөзү:Динара Акулованыкы
Обону:Динара Акулованыкы
Көчүрүү
  • Currently 4.75/5
(4 добуш)
Таалайымдан, ий,
Таалайымдан, оо,
Таалайымдан сурайын.

Өчпөй турса өмүр берген чырагым,
Элимден, өз журтумдан сурарым.
Эл-журтумдун ынтымагы бек болуп,
Болбосунчу бөөдө, кайгы-убайым.

Жалгап турса жаратканым Кудайым,
Жан бүткөнгө сурайт эле ырайым.
Адамдардын бүт күнөөсүн кечирип,
Ар пендеге ыйман бер деп сурайын.

Кайырма:
Таалайымдан, ий,
Таалайымдан, оо,
Таалайымдан сурайын.

Тагдыр мага байлык берсе ынайын,
Таалайымдан дал ошону сурайын.
Байлыгы көп, бактылуу эл ичинде,
Алпурушуп адал эмгек кылайын.

Өчпөй турса өмүр берген чырагым,
Элимден, өз журтумдан сурарым.
Эл-журтумдун ынтымагы бек болуп,
Болбосунчу бөөдө, кайгы, убайым.

Кайырма:

Комментарийлер (11)

08.10.2015. 12:49
 ulash.kg
Бул ырды Динара Акулова ырдачу беле?жакшы ырдаптыр бул кыз да азамат!
08.10.2015. 14:02
 berdibek05
мага жакты жакшы ырдаптыр
08.10.2015. 20:37
 saparali96
Ырды жыргатып ырдап койгонго жанылап суппер
09.10.2015. 01:55
 Maks_sharshenaliev15
Супер болуптур
11.10.2015. 14:09
 dastan_nookat
Ырыныз жакшы !
12.10.2015. 10:00
 Aselim
Мага эч эле жакпады. Динара эжени туурап ырдаптыр эч жанылык киргизбептир ырга. Бирок баары бир Динара эжедей жеткирип ырдай албасын билет бекен)))
15.10.2015. 00:34
 Gulu-5kg
аябай жакты маршруткада ырдап атыптыр кыргызстан обондорунда.. келип эле аткаруучуну издедим ХХХ ХХХ кыргыз ырларын акыркы эки жылдан бери укпай калдым эле Насип менен Омардан башкасынМодератор admin_media түзөттү 2015-10-15 09:17:05
18.10.2015. 13:13
 Chubak3922
Текст жазып койсонуздар . Сыймык бейшекейвтин ырын кантип табуу кереек
29.10.2015. 16:23
 MirbekTalas
Бул ырдын автору ким,,
02.11.2015. 20:40
 Asel78
Динара Акулова жакшы ырдаган,бул кыз деле аракет жасаптыр бирок.Унун багыш керек экен бул ырга.Ийгилик каалайм кантсе да
23.01.2021. 10:52
 nuraiym_kenzhebaeva
Саламатсыздарбы, Супердин жалпы жамааты. Сураныч, ушул ырдын Динара Акулова ырдаган версиясын таап бериңиздерчи. Башка эч жерден таба алган жокмун...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо