Алина Жетигенова "Кыздын сыры (New version)"
04:15
3,89 Мб
Жүктөлгөн: 15-10-2015
Жанр: Поп
Көчүрүү
  • Currently 4.50/5
(8 добуш)
Гүл назик бүчүр жайып жашыл,
Жаз демине ачылат.
Кыз назик сүйүп калса эгер,
Махабатын жашырат.
Кусаланып жалгыз ойго чөмүп,
Кай бир кезде ирмем жаш төгүп,
Кыздын сыры, кыздын сыры
Жүрөктө катылат.

Кайырма:
Ак сүйүүгө арга жок,
Ашыктыгым артылат.
Эх, андай зор күчкө,
Адам өзү тартылат.

Сен күткөнүм байкабадың, жаным,
Арзып сүйгөн жүрөктү.
Ал кезде жүрөгүмө сүйүү,
Махабатын түнөттүм.
Сагынычым улам-улам артып,
Карегимде ыйык нур балкып,
Сен деп гана, сен деп гана
Жашаган күн өттү.

Кайырма:

"Чын сүйүү барбы?" десе, жаным,
Сени дайым ойлоймун.
Ким мендей сүйгөн болсо дагы,
Бактылуу деп болжоймун.
Адамдагы кыял өтө күлүк,
Сүйүү шамы өңдүү бир үмүт.
Ыйык мага, ыйык мага,
Өчүрбөй коргоймун.

Кайырма:

Комментарийлер (8)

15.10.2015. 17:56
 Мэри
Жакшы болуптур, бул версиясы да... Ушинтип ырдап турсаңыз...
Бул мага өтө жакын, өтө сүйкүмдүү чыгарма...
15.10.2015. 17:57
 Мэри
"Жаз" деген ырынын жаңы версиясы да сонун болгон, ошону да жүктөп койсоңор сонун болмок...
15.10.2015 18:01
admin_media
Мэри,
Саламатсызбы! Сунушуңузду эске алабыз, рахмат!
16.10.2015. 15:42
 joker007
Убагында популярдуу болгон ыр
16.10.2015. 16:05
 Askatbek92
Жакшы чыгыптыр
18.10.2015. 19:41
 melek1
Sonun
19.10.2015. 21:02
 Elzar73
Алина эже, азаматсыз!
15.03.2016. 20:10
 Asem
Минусу болсо жуктоп коюнуздарчы
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо