Айпери Кулбаева "Кайра келчи, каркырам"
03:06
4,25 Мб
Жүктөлгөн: 16-10-2015
Жанр: Эстрада
Сөзү:С.Жусуевдики
Обону:Р.Абдыкадыровдуку
Көчүрүү
  • Currently 2.00/5
(2 добуш)
Жалжал көздүү, жапжаш элең анда сен,
Жаз күнүндө жагымдуу элең, жанга сен.
Комуз элең, кыл тагылып күүлөнгөн,
Чолпон элең, балбыл жанган таңда сен.

Андан бери сан күн өттү арыштап,
Ал күндөрдөй сен да кеттиң алыстап.
Арыздашпай алысташың себепсиз,
Азыр дагы бир мен үчүн табышмак.

Сен куш болдуң кокус колдон качырган,
Сен гүл болдуң бир суктантып жашынган.
Арабызды айлар, жылдар бөлсө да,
Ашыктыгым бир өзүңө, ашыганы ашынган.

Жаным даяр сен дегенде балкыган,
Багым даяр сени күтүп аңкыган.
Кадырыңа жетер кезим ушул кез,
Кайкып учуп кайра келчи, каркырам.

Комментарийлер (3)

17.10.2015. 23:38
 dastan_nookat
Аяна Касымова-"Аманат" деген ырды сайтка жуктоп койсонуздар алдын ала чон рахмат
19.10.2015 18:04
admin_media
dastan_nookat,
Саламатсызбы! Сунушуңузду эске алабыз, рахмат!
10.03.2017. 19:50
 kana55
Гулзайыр Сагынованын ырларынан жуктоп коесуздарбы,сураныч.Алдын ала чон рахмат.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо