Венера Назаралиева "Мендеги ыйык махабат"
03:18
3,77 Мб
Жүктөлгөн: 26-10-2015
Жанр: Эстрада
Сөзү:Омор Султановдуку
Обону:Асанкалый Керимбаевдики
Көчүрүү
  • Currently 3.33/5
(3 добуш)
Сүйүүм турат жердин кени тургандай,
Мойнумдагы ыйык аяр тумардай.
Көкүрөктө сыймык толо караймын,
Көп кыйналып жакшы бир үй кургандай.

Сүйүүм агат мелмилдеген суулардай.
Айбаттанат көлдө сүзгөн куулардай.
Таптым сайрап, элжиретет сезимди,
Таң алдында үн алышкан улардай.

Сүйүүм турат жай күнүндөй толукшуп,
Булбул сайрап, бутак сайын конушуп.
Көзүмдөн курч, көкүрөктөн ал кетер,
Унутпасмын кандай күндү жолуктук.

Бул дүйнөдө ачкан менин үнүмдү,
Жарык кылган көөдөндөгү сүйүүмдү.
Сенин гана аман жүргөн карааның,
Мен сен үчүн даңктап ырдайм сүйүүмдү.

Комментарийлер (2)

27.10.2015. 08:20
 zakukya
Баракелде, ушул эжекенин фанаткасы болуп баратам негедир.
05.11.2015. 11:45
 amanatym
Асанкалый Керимбаевдин ыры го мыкты ыр. Эн биринчиден авторун жазыш керек!ВЕнера эмне озу чыгарыптырбы
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо