Роза Шакирова "Сүйүү - керемет"
03:26
3,15 Мб
Жүктөлгөн: 30-10-2015
Жанр: Поп
Сөзү:Л. Асанбекованыкы
Обону:И.Абдыразаковдуку
Көчүрүү
  • Currently 4.25/5
(16 добуш)
Сезимди терметкен,
Көңүлдү ээриткен,
Жүрөктү оорутуп,
Жүдөтүп дегдеткен.
Сүйүүгө сөз жок,
Күттүрүп кечиккен.

Кайырма:
Күн болуп жаркыраган,
Нур болуп чачыраган.
Азапка салбай, кайгырып калбай,
Жашай бер сүйүүм, талыкпай.

Сүйүүдөй күч барбы,
Жан дүйнө кыйнаган.
Сүйгөнүн көрбөсө,
Сагынып ыйлаган.
Кең дүйнө тар болуп,
Ааламга сыйбаган.

Кайырма:

Жүрөккө сүйүү келсин,
Өзгөчө сезим берсин.
Деңиздей чалкып,
Көңүлдөй балкып,
Ырахат алсын жан дүйнө.

Кайырма:

Комментарийлер (21)

30.10.2015. 22:46
 akzuura
Үнүңүзгө береке!жакшы ырдапсыз,ийгилик сизге!!!
30.10.2015. 23:13
 Kgstar96
Оппа эжекем озгочо чыгарма чыгарганго музыкасыда кайфго
31.10.2015. 04:21
 FCBARCELONA
Супер ыр сонун
31.10.2015. 11:15
 Muzik
Ото начар,бул ырыныз,жакшы ырларды ырдачу елениз го?
31.10.2015. 11:16
 ronni07
Урматтуу admin мага: жалынам, сага багынам
Озуно жолуга албай кыйналам, сагынам... ушул ырды ким ырдашын таап беринизчи ЭлФМден коюп жатат
31.10.2015. 13:12
 mirlan15
Ар бир ырында 2чи голос катуу чыгып турганынан уну кулака жаман угулат , без 2чи голос ырдаса ырларын укканда жагат! Мисалы Динара Акулованын акыркы ырлары аранжировкасы да мыкты болгон уну да жакшы угулат себеби эффекттерден азыраак кошкон натуральный голос !
31.10.2015. 15:08
 KYRGYZJERI
обону Ильяздыкы турбайбы, анын стили ушундай дыш дыш ко
01.11.2015 20:55
Syiyy28
KYRGYZJERI,дыш дыш Деп кой
31.10.2015. 15:21
 sabyr86
Көздү катуу жумуп алып,желкени алдыга таштап коюп,буттарды алды артка ылдам шилтеп,эриндерди бекем тиштеп,колдун манжаларын кенен жайып,кээде так секирип,кээде чимирилип,ал ортодо фшуу ала жаат ала жат деп кыйкырып бийлейт турган ыр болуптур.
01.11.2015 10:30
ermewa
sabyr86, соонун сүрөттөдүн го. Чын эле ошентип бийлегим келип кетти)))
Роза эжеге ийгилик
01.11.2015. 21:42
 kamuke_72
Мощный ырдап коюптур.солдурооп недогон болуп отурган досторго ушу ырды коюп ийсен "ооууу"тятья тяят"деп бийлеп да жиберишет!РОЗА молодчина!
02.11.2015. 00:05
 MamanoV
soonun yrda!!!Roza eje iygilik !!!
02.11.2015. 00:21
 sabira.199890
Жакшы экен!
02.11.2015. 09:36
 Zhiydesh
Роза эженин уну дайым уккулуктуу. Любой ырдын коркун ачып салат. Чыгармачылык эргуу каалайм.
02.11.2015. 17:39
 dastan_nookat
Роза эже ушул ырыныз озгочо!
02.11.2015. 17:46
 karona
Ильяздын ырлары хит болотда озу Роза эжеда жеткире аткарыптыр экооно тен 5
02.11.2015. 18:00
 joker007
Музыкасы жакшы эле экен, бирок ашыкча эле бакыра бериптир....
03.11.2015. 01:51
 Zooro1977
Жакшы ырдапсыз дагы да ырларынызды кутобуз жакты мага.
04.12.2015. 22:54
 Gulya.akbaralieva
Кому не нравится завидуйте молча!!! Супер все!
26.06.2017. 10:48
 Erkinkutman1996
Соз жок унунузго браво
04.01.2018. 22:34
 Shumkar.2018
Урматтуу админ Самара эже ырдаган журок сыры же жылуулук дуйно сендеги деген ырын кайдан табам жуктоп койгулачыы
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо