Нурмат Садыров "Торгоюм"
03:50
3,51 Мб
Жүктөлгөн: 06-11-2015
Жанр: Поп
Сөзү:Рыскулбек Турсуналиевдики
Обону:Советбек Урматбековдуку
Көчүрүү
  • Currently 4.48/5
(61 добуш)
Сенсиң менин торгоюм,
Суук көздөн коргоюн.
Ысыгыңа жылытчы,
Суугуңа тоңбоюн.

Сенсиң менин торгоюм,
Суук көздөн коргоюн,
Ашык болдум жалындап,
Калпы болсо оңбоюн.
Сенсиң менин торгоюм,
Гүлдөй болуп соолбоюн.
Ысыгыңа жылытчы,
Суугуңа тоңбоюн.

Сенсиң менин торгоюм,
Күндөп-түндөп ойлоюн.
Ишенип кой сөзүмө,
Калпы болсо оңбоюн.
Менин ырчы торгоюм,
Жолугууну болжоюн.
Алтынчы күн - кадыр түн,
Карап күтөм жол боюн.

Сен торгоюм - сүйгөнүм,
Арнап өмүр гүлдөрүн.
Бир басалы гүл бакта,
Тыңшап торгой үндөрүн.
Ырахат го жаш кезде,
Күлүп-ойноп жүргөнүң.
Саймалайлы жылдыздай,
Жашообуздун түндөрүн.

Жалын болуп жаркылда,
Чагылгандай чартылда.
Көл үстүндө ойногон,
Ак булуттай калкылда,
Канат күүлө, күү чалып.
Ойноп-күлүп жаркылда,
Кадырлашып өтөлү,
Көңүлгө кир калтырба.

Көңүл куруп, күү чалып,
Күлүп-бийлеп, үн салып.
Менин сүйгөнүм торгоюм,
Эмгек жолун бир чалып.
Айыл ичин гүлдөтүп,
Обон созуп ырдашып.
Жаркылдаган жаштык кез,
Кете электе кырды ашып.

Өмүр суусун кечели,
Жабык сырды чечели.
Ак таң болуп нурданып,
Аппак гүлдү терели.
Ак нан болсо ыр болот,
Сүйүп дайым жешели.
Ден соолукта каткырып,
Соо жүрөлү дешели.

Комментарийлер (52)

09.11.2015. 10:31
 Marihuana
Текстин жүктөп койгулачы
10.11.2015. 04:38
 Rasuli
Сөзү, обону кимге таандык экен э?
10.11.2015. 04:39
 Rasuli
Сонун аткарыптыр молодец...
10.11.2015. 10:21
 Cholponausenova
Соооооонун ыр!
10.11.2015. 10:21
 Cholponausenova
Сооонун экен
11.11.2015. 06:39
 dastan_nookat
Тойиский го!
11.11.2015. 15:53
 Rasul_Rahmanaliev
азамат!
12.11.2015. 12:16
 Zai0888
Ыр жакты аябай!!! Азаматсыз кайрадан омур берген экенсиз бул ырга!!!
12.11.2015. 17:37
 Tima07
ооруп калдымго бул ыр менен кочодо уйдо бир гана ушул ырды угуп калдым чиркин 555555555
13.11.2015. 15:54
 merinargiz
Ыр чыккандан бери жадабай угуп журом.Азаматсын Нурмат унуну укканда просто таааююю
16.11.2015. 08:40
 elisa86
Sooooonnnuuunnn yr azamatsyn Nurmat
16.11.2015. 12:17
 Bek94
Жакшы ырлаптыр аранжировка эң сонун...
17.11.2015. 00:14
 tavsan
soonun yrdaptyr, Nurmattyn yrlaryn dayima kutup ugam. Iygilik saga, unun en soonun!
17.11.2015. 03:11
 not_important_who_I_am.
Аябай сонун ырдаптыр
22.11.2015. 21:59
 dastan_nookat
Бийлеш керек экен ырга!!!
11.12.2015. 21:12
 keremet06
оууу сонун болуптур))
24.12.2015. 13:24
 ere
Элдер да керемет обон, сөз жазат экен да
30.12.2015. 21:41
 arnel
ыр абдан сонун.зынк
07.01.2016. 18:10
 AlinkaS5
Сонун
09.01.2016. 02:39
 Mariya
Ооо супер... Ар бир ырыныз супер Нурмат братан...
11.01.2016. 05:40
 meka94
nurmat azamatsyn soonun unun saga daiym jok degende komentim koldoo bolso eken ayabai syilaim orkundop osober
13.01.2016. 18:58
 karona
аранжировка Ильяз Абдыразаковко таандык!Нурмат жакшы ырдапсын!
24.01.2016. 13:50
 Inna_91
Клип да ыр да соонун чыгыптыр
05.02.2016. 12:25
 Dastan010101kg
Класс соз жок.......
08.03.2016. 17:56
 Oskar777
Мыкты аткарылган АЗАМАТ!
13.03.2016. 00:40
 jaksynakay5
Эн сонун ыр
28.03.2016. 18:41
 alymkulovulanaskatovic
админ сиздерден аябай суранарым ушул ырдын оргинал минусун мага таап бере аласыздарбы))Конкурска Россиядан керек болуп жатты эле ))алдына ала чооон рахмат ))
29.03.2016 10:37
admin_media
alymkulovulanaskatovic,
Cаламатсызбы! Тилекке каршы биз минустарды жүктөбөйбүз. Шилтеме аркылуу кирип минус жүктөп жаткан колдонуучуларга купуя кат менен кайрылып көрүңүз http://www.super.kg/media/?only=useraudio&category=11
Комментарийлерди жашыруу
05.04.2016 03:28
alymkulovulanaskatovic
admin_media,Чоон рахмат маалымат учун ))таптым минусту))
16.04.2016. 04:16
 begai93
Сууппеееррр!!!
06.09.2016. 07:38
 bekhandar
бул ырды кароокеге ырдагыдай кылып бергилечи админ
13.05.2018. 10:35
 AlibaevO
Азаматсыз ырды жеткире ырдапсыз дагы 2 ыр чыгарып алың ушундай
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо