Асель Кадырбекова, Баястан "Сен"
03:20
3,04 Мб
Жүктөлгөн: 06-11-2015
Жанр: Поп
Сөзү:Баястан, Т. Айылчиевдики
Обону:Назгүл Токтакунованыкы
Көчүрүү
  • Currently 3.73/5
(15 добуш)
Сен мен, махабаттын гүлдүү, сүйүү багында,
Дайым эркелетип жүрчү менин жаныңда.
Таттуу балда сөзүң мени арбайт өзүңө,
Сенсиң багым, болчу жанымда.

Махабатым баасыз, көз каранды эмессиң,
Боломун мен алсыз, эстеп калсам элесиң,
Билем мага келесиң, болобуз түбөлүк биз,
Айдап сүйүү кемесин, жолубуз түбөлүк, бир.
Катуу айтсам кечир жалгызым, мага таарынба,
Ар бир аткан таң боломун дайыма жаныңда,
Сага чоң пландарым бар,
Тартип бер балдарыма.
Таттуу сүйүп жашыңда,
Сүйөм карыганыңда,
Ар убак жаныңда болом, мен,
Ар бир көз караштан күчко толом,
Аралап дүйнөнү, эң сулуу гүлдөрүн үзүп,
Сага берем, анткени жакшы көрөм.

Сен мен, махабаттын гүлдүү, сүйүү багында,
Дайым эркелетип жүрчү мени жанымда.
Таттуу балда сөзүң мени арбайт өзүңө,
Сенсиң багым, болчу жанымда.

Кайра издеймин сени, күткөн адамың белги.
Билем таппам сендейди,
Сага тартылам деймин, эми жаныма келчи,
Аксың, тазасың, жок сендей пенде,
Оюмдун бардыгы сенде,
Сага эч ким теңелбейт, сендей эч ким түшүнбөт,
Эмнегедир мен билбейм, сага чейин үшүгөм.
Жылуулуктан алыстап калган жүрөгүм,
Сага чейин, жылуу сезимди арнап,
Жаздын демин алып келдиң.

Сен мен, махабаттын гүлдүү, сүйүү багында,
Дайым эркелетип жүрчү мени жанымда.
Таттуу балда сөзүң мени арбайт өзүңө,
Сенсиң багым, болчу жанымда.

Сүйүүнүн түрдүү сырлары терең,
Сүйүүмдү табышмак кылып келем.
Сүйөмүн сага айта албаймын...


Комментарийлер (17)

06.11.2015. 15:39
 elizaerlan
Сооонунго
06.11.2015. 17:11
 xake95
Чын еле
06.11.2015. 19:49
 Bandit_bala
Urmatu admin teksin juktop koisonor jakshy bolot ele
06.11.2015. 21:52
 sema.kgz
жакшы,жакшы
07.11.2015. 02:41
 skardio
Салам админ- сен мени сагындынбы, тагдырга багындынбы, мени эстеп ай талаада деген ырды тапканга жардам бергилечи эскии ыр озу
07.11.2015. 09:19
 boyka.kg
Ушул баястан дегени хит болдуго
07.11.2015. 15:22
 Konchay
Ушул да ырбы. Аселде ун дегенден дайын жок.
07.11.2015. 15:23
 Geroy
Азыркы ырлардын обондору коендой опокшош, уккум да келбей калды. Асель вокалдан сабак алсан боло.
07.11.2015. 16:44
 Janysh95
Бул ырда Баястан менен Назгул озу аткарса хит болмок. Аселя, тынч эле актриса болуп журо бербейби.
07.11.2015. 17:27
 Mars55
Тушунуксуз эле
07.11.2015. 20:23
 guljigit96
жакшы эле го
09.11.2015. 12:15
 dentistka
Достор ушул ырды ким ырдайт срочно керек болотат. Сен болсон колдун балыгы мен болсом кайыгы ушул ырдын ссылкасын таап жибергилечи
09.11.2015. 13:46
 Argen.2000.kg
ыр сонун

09.11.2015. 23:40
 nargosh
Ыр жакты мага абдан...
11.11.2015. 06:38
 dastan_nookat
Жакшы эн жакшы!
01.12.2015. 15:55
 Abdisabyr
жакшы ыр экен мага жакты
12.12.2015. 22:49
 dastan_nookat
Текст барбы
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо