Элмирбек Иманалиев "Коштошуу вальсы"
05:51
5,35 Мб
Жүктөлгөн: 09-11-2015
Жанр: Фольклор
Сөзү:Кыялбек Урманбетовдуку
Обону:Х. Азиреткуловдуку
Көчүрүү
  • Currently 4.27/5
(15 добуш)
Көңүлүм байланабы?
Көзгө жаш айланабы?
Колуңду коё бербей,
Кош дедим кайра дагы...

Толгонуп шашылбадым,
Токто деп чакырбадың.
Топ таштай чачылганмын,
Сен мени жоготтуңбу?

Толгонуп шашылбадым,
Токто деп чакырбадың.
Топчудай чачылганмын,
Сен мени жоготтуңбу?

Айтпадым намыс барын,
Акырын алыстадым.
Капарга алганың жок,
Кабыргам кайышканын.

Кайгырып шашылбадым,
Кайтчы деп чакырбадың.
Мончоктой чачылганмын,
Сен мени жоготтуңбу?

Кайгырып шашылбадым,
Кайткын деп чакырбадың.
Шурудай чачылганмын,
Сен мени жоготтуңбу?

Күймөлүп басып араң,
Күн менен батып барам.
Күн чыгат кайра-кайра,
Мен чыкпайм, жашып барам.

Күймөлүп шашылбадым,
Күтчү деп чакырбадың.
Мончоктой чачылганмын,
Сен мени жоготтуңбу?

Толгонуп шашылбадым,
Токто деп чакырбадың.
Топчудай чачылганмын,
Сен мени жоготтуңбу?

Комментарийлер (16)

10.11.2015. 02:46
 akylbek.kg
Sooonun.
10.11.2015. 11:49
 zinaniz
Кыргыздын чон таланттарынын бири!Сонун ырдаган!
11.11.2015. 01:58
 talantbektegin
Керемет чиркин супер инфо колдон келсе Элмирбек байкенин баардык ырларын жуктоп берсениздер сонун болот эле
11.11.2015 10:08
admin_media
talantbektegin,
Саламатсызбы! Жакында ырлары толукталат.
Комментарийлерди жашыруу
11.11.2015 17:00
talantbektegin
admin_media,Алдын ала ыраазычылык
15.03.2016. 05:18
 toma85
Урматту админстрация. Эльмирбек байкенин: Боздотпочу ботодой болуп, Мен калбайын бир гулдой соолуп.
Айрылдым сенден кантейин.Боздотпочу ботодой болуп;деген ырын жуктоп коюнуздарчы
15.03.2016 10:32
admin_media
toma85,
Саламатсызбы! Сунушуңузду эске алабыз, рахмат!
26.07.2016. 20:42
 Fernando
En sonun yrdagan
27.12.2016. 17:33
 BakytABAS
Саламатсыздарбы! Элмирбек Иманалиевдин баардык аткарган чыгармаларын жүктөсөңүздор жакшы болот эле.
27.12.2016 18:16
admin_media
BakytABAS,
Саламатсызбы! Сунушуңузду эске алабыз, рахмат!
14.05.2018. 23:17
 aiba.8327
Мааниси терен ыр ушул ырлы укканда качанкы. Бир убагы эске тушуп кеттет атин ай эми кайрылбайт го кундорум....
21.04.2020. 00:33
 rtuiop
Бейишин болгур(
21.04.2020. 15:14
 aiba.8327
Эх шум ажал эч кимди аябайт тура.....
21.04.2020. 17:37
 lazygirl
Атаңдын көрү дүнүйө..
Ишенгим келбей турат...
22.04.2020. 03:00
 KOCMOC
Кайгырып шашылбадым,
Кайткын деп чакырбадың.
Шурудай чачылганмын,
Сен мени жоготтуңбу....
22.04.2020. 18:39
 muras111211
Жайы Жаннатта болсун.жакындарына сабыр тилейм.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо