Гүланда "Аядым"
02:55
2,68 Мб
Жүктөлгөн: 10-11-2015
Жанр: Эстрада
Сөзү:А.Бегимкулованыкы
Обону:А.Бедияровдуку
Көчүрүү
  • Currently 4.67/5
(3 добуш)
Жан дүйнөмө жагып турду жамалың,
Жалын чачып неге мынча карадың?
Жандап баспай, жалгыз кеттим, садагам,
Жаш экенсиң, жаштыгыңды аядым.

Имерилип неге мынча карадың?
Ийик сымал ийрип жибин санаанын.
Ишеничиң сынбасын деп, садагам,
Ийнеликтей назиктигиң аядым.

Оозун ачпай ооруп бүткөн санаанын,
Ойлорумду жүрөгүмө камадым.
Таарынбагын таттуу сөзүм укпасаң,
Тамчы суудай тазалыгың аядым.
Жаш экенсиң, жаштыгыңды аядым.

Комментарийлер (6)

10.11.2015. 20:30
 Bazis
Урматтуу админ, А. Шаадаевдин Карындашым ыры жуктоп койгулачы, сураныч.
11.11.2015 10:20
admin_media
Bazis,
Саламатсызбы! Жакынкы күндөрү порталга жүктөлөт. Сунушуңузга рахмат!
11.11.2015. 06:48
 dastan_nookat
Жакшы денгелде ырдаган
12.11.2015. 01:09
 bakaiBBBB
ХХХ ХХХМодератор admin_media түзөттү 2015-11-12 09:59:47
12.11.2015 10:00
admin_media
bakaiBBBB,
Эскертүү! Коомдук этиканы сактаңыз!
07.08.2017. 17:30
 Guljazym
Гуланданын бут ырлары жагат кандай гана ыр ырдабасын жеткирип ырдайт унундо бир керемет темр бар анан дагы орто муун кичи муундарга жаккандай ырларды тандайт озуно унуно жарашат азамат айымсын Гуланда ийгилик сага алга сенден дагы жакшы ырларды кутобуз.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо