Куралбек Чокоев "Ата-эне"
03:43
3,4 Мб
Жүктөлгөн: 11-11-2015
Жанр: Поп
Сөзү:Т.Бектургановдуку
Обону:Т.Бектургановдуку
Көчүрүү
  • Currently 4.00/5
(1 добуш)
Тарбия бардыгына бирдей берет,
Он бала болсун, багат ата-эне.
А бирок ошол ону биригишип,
Багышпайт ата-энени эмнеге?

Кол созуп бир кездерде "Келе-келе,
Келе бер, кармат мага, өзүң жебе".
Дегендер боор көтөрүп, үй-жай күтсө,
Унутат ата-энесин эмнеге?

Оокат таап адилеттүү эмгек менен,
Адамдык сапатыңды тилеп келген.
"Ай, ушул адам болуп кетсинчи" деп,
Ата-энең болчу өргө жетелеген.

Көрүнүп эл көзүнө коройгондо,
Бой болсо ак теректей соройгондо.
Карабай атасына, энесине, энесине,
Кай мерез басып кетет чоңойгондо?

Турмуш оор, жүз каталык кеткен күндө,
Ойло, дос, жаңылыштык кылып жүрбө.
Өзүңдөй таш боордуку балдарыңдан,
Көргөндө өкүнбөгүн, ушуну ойлон.

Комментарийлер (10)

11.11.2015. 19:43
 dastan_nookat
Мен айдочу деген ырын дагы кошуп койсонуздар суранам!
12.11.2015 09:44
admin_media
dastan_nookat,
Саламатсызбы! Мүмкүнчүлүк болгондо жүктөлөт, сунушуңузга рахмат!
11.11.2015. 23:50
 ronni07
Мыкты аткарылыптыр!
11.11.2015. 23:53
 ronni07
admin жалынам, сага багынам
Озуно жолуга албай кыйналам, сагынам... ушул ырды кошуп коюнуздарчы сураныч
12.11.2015 09:46
admin_media
ronni07,
Саламатсызбы! Сунушуңузду эске алабыз, рахмат!
12.11.2015. 09:59
 altynbek_84kg
Сыймыктын ырары неге жок же ал аналык деле таанымал эмеско ээ жуктоп койсонор жакшы болот эле рахмат
12.11.2015 10:04
admin_media
altynbek_84kg,
Саламатсызбы! Аткаруучунун өз суранычы менен порталдан ырлары алынган.
15.11.2015. 09:11
 Aisuluu160790
Сонун ырдаптыр
25.11.2015. 15:13
 amanatym
Мага автордун аткаруусунда коп жагат.
27.11.2015. 20:09
 kosya700
Минусун жүктөп койууңуздарды суранам
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо