Элмирбек Иманалиев "Мунарым"
05:23
4,92 Мб
Жүктөлгөн: 17-11-2015
Жанр: Фольклор
Сөзү:Элмирбек Иманалиевдики
Обону:Элмирбек Иманалиевдики
Көчүрүү
  • Currently 4.75/5
(4 добуш)
Эстесем көлдүн кууларын,
Эстеймин сени, Мунарым.
Ал күндүн тагы өчпөгөн,
Азыр да ойлоп турамын,
Азыр да эстеп турамын.

Көңүлүм сүйгөн ынагым,
Көл жээги турган турагың.
Көрүнүп калып кокустан,
Көрүнүп калып капыстан,
Көйгөйгө салдың, Мунарым.

Он алты жашта курагым,
Ойлоно берип куурадым.
Оймоктой бала чагымда,
Оймоктой бала кезимде,
Ок атып койдуң, Мунарым.

Көл дагы турган мелтиреп,
Көңүлгө көп ой энчилеп.
Жалжалым, калдың узатып,
Жалжалым, калдың суранып,
"Жайында кайра келчи" деп.

Албырып оттой жанамын,
Айткандан кантип танамын?
Жаңылбайм айткан сөзүмдөн,
Жайында сага барамын,
Жайында кайра барамын.

Комментарийлер (13)

17.11.2015. 21:18
 taalay89
Рахмат супер инфо бул ырды көптөн күткөм элмирбек агабыздын балкыма деген ырын жүктөп койуңуздарчы суранам
18.11.2015 10:12
admin_media
taalay89,
Саламатсызбы! Жакында порталга жүктөлөт, сунушуңузга рахмат!
18.11.2015. 01:27
 Jakshlyk89
Сонун ыр экен текстин жазып коюсуздарвы
18.11.2015. 07:33
 alailyk-kyz
Сонун ыр ун обон топ келишкен талантынызга таазим.бар болунуз
24.11.2015. 19:13
 Darkan
Элмирбек Иманалиев
дин аткаруусундагы Ешмамбеттин санат- насаат ырларын жүктөп койсоңуздар! сураныч!
25.11.2015 11:32
admin_media
Darkan,
Саламатсызбы! Жакында ырлары толукталат, сунушуңузга рахмат!
15.12.2015. 10:04
 Talant170490
Саламатсыздар админ сураныч Элмирбектин карап карап,булбулум ырларын озунун аткаруусунда жуктоп коесуздарбы
15.12.2015 10:28
admin_media
Talant170490,
Саламатсызбы! Сунушуңузга рахмат, аракет кылабыз.
09.01.2016. 23:05
 shok.kg
Элмирбектин озунун аткаруусундагы ырларын жуктоп коюнуздарчы отунуч......
20.02.2016. 03:48
 Rashinboy
Ий ала жааат ала жат!
04.03.2016. 16:23
 baha9707
Карап карап деген киргизип коюнуздарчы
11.06.2016. 19:44
 mirbek99
урматуу Админ Элмирбектин озунун аткаруусундагы "булбулум" , "карап-карап кайрадан сени самап" атуу ырларын жуктоп коюнузчу сураныч.
14.06.2016 11:39
admin_media
mirbek99,
Саламатсызбы! Жакында жүктөлөт, сунушуңузга рахмат!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо