Эльзар Өскөнбаева "Ак жоолук"
04:03
3,7 Мб
Жүктөлгөн: 19-11-2015
Жанр: Поп
Сөзү:Нуркыз Рыскул кызыныкы
Обону:Баян Акматовдуку
Көчүрүү
  • Currently 2.14/5
(7 добуш)
Апакең келин күтүп, кабагы ачык,
Ак жоолук балким жүрөт мага катып.
Өзүмдүк кылып алчы жароокерим,
Өзгөлөр кете электе ала качып.

Бооруңа кысчы бекем сүйүнөйүн,
Болду деп бойдоктуктан түңүлөйүн.
Ак жоолук куп жарашып маңдайыма,
Атакең, апакеңе жүгүнөйүн.

Деп жүрүп жараткандан сурап алдым,
Дегдеген ак өргөмдү курап алдым.
Уулуна жубай болуп жакшылардын,
Узартып учугумду улап алдым.

Жараткан тилегимди берди белем,
Жанашып нике кайып сени менен.
Бал ширин уулду күтүп, кызды күтүп,
Бакытка балкып турам кемибеген.

Комментарийлер (11)

19.11.2015. 16:14
 japardos
Сонун ыр экен жакшы ырдаптыр
19.11.2015. 16:33
 bekush
Урматтуу администрация, С.Бейшекеев менен А.Алымов ырчылардын тизмегинде корунбой жатат го?
19.11.2015 17:20
admin_media
bekush,
Саламатсызбы! Аткаруучулардын өз суранычтары менен порталдан ырлары алынган.
19.11.2015. 19:00
 japardos
Админ Гулгаакы Сагындыкованын -пейилдерди туздойлучу. деген ырын жуктоп койунуздарчы сураныч. алдын ала чоон ырахмат!!!
01.12.2015. 09:26
 amanatym
соонун ырдайт
10.02.2016. 23:17
 lazygirl
Сонун сөздөр.. Үнүнө сөз жок.
13.05.2016. 18:50
 merinargiz
Сонун ыр сураныч минусу болсо айтып койгулачы кичине кынылдап койоюн
13.05.2016. 18:51
 merinargiz
Ошондо Бек Борбиев Сыймык Бейшекеев эн мыкты ырчылар тизмегинерде жогу кызык
13.05.2016 19:36
http
merinargiz, сыймык брат журотго http://www.super.kg/media/?search_term=издөө...&search_author=223&media_search=1&x=0&y=0
19.05.2016. 01:59
 sanajet
Уулуна жубай болуп жакшылардын,
Узартып учугумду улап алдым!!!
21.01.2017. 22:39
 АйАй
Саламатсыздарбы админ.Эльзар Осконбанванын бир ырын радиодон берип жатат.Кадырымды билбедин деген саптары бар.Жуктоп коюунуздарчы сураныч))))
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо