Алмаз Шаадаев, Данияр Эрматов, Нурмат Садыров "Сахна"
03:29
3,19 Мб
Жүктөлгөн: 20-11-2015
Жанр: Поп
Көчүрүү
  • Currently 4.55/5
(11 добуш)
Үнү менен, күлкү менен, бийи менен,
Башкаларды таң калтырган элденбиз.
Манас айтып, комуз чертип, калпак кийип,
Канча миң жыл тарых менен келгенбиз.
Бабалардан бизге мурас калтырган.
Сактайбыз сахнаны.
Урпактардан урпактарга түбөлүк,
Сактайбыз сахнаны.

Кайырма:
Тагдырымдын жазганы маңдайга,
Сыймыктанам, жар салам мактана.
Ырыскы бар, бакыт бар, сыйкыр бар,
Биз жашаган, биз сүйгөн сахнада.
Комуз кылын ойнотуп жаңырта,
Кыз-жигит көп, таланты таш жарган,
Элим турса кубаттап, кол чаба.
Урпактарың үзүлбөйт сахнадан.

Арманыңды же сыркоолоп калганыңды,
Мына ушул жерден унута аласың.
Кадырласа калкым сенин өнөрүңдү,
Канатыңа канатыңды тагасың.
Баарынан да эң кымбаттуу, эң сыймык.
Ырчыга бул сахна,
Жашообуздун түйшүгү көп, жыргалы да,
Биз турган сахнада.

Комментарийлер (14)

20.11.2015. 20:35
 skatoruk
Башка эле орусча ыр го
20.11.2015. 21:32
 Angel92
Орто
20.11.2015. 21:35
 munarbek15
Азамат жигиттер дагыда ийгиликтер коштосун
20.11.2015. 22:18
 Kgstar96
Аракеттениш керек байкелер бул менен болбойт текисти жакшы бирок музыкасы обону начар
21.11.2015. 14:28
 Талант
Урматтуу админ мен суранган гул кармап колдорума бактылуу болгонума мен сени коруу учун баратам жолдорума деген ыр саптары бар ырды алиге жуктой элексиздер го сураныч жуктоп коюнуздарчы чыдамсыздык менен кутом
23.11.2015 11:36
admin_media
Талант,
Саламатсызбы! Тилекке каршы ырлардын тексттерин жаттап кала албайбыз. Колубузга тийип калса жүктөп коюуга аракет кылабыз. Түшүнүү менен кабыл алып, күтө турасыз деген ойдобуз, рахмат!
21.11.2015. 19:39
 Eseke2013
Нурлан Насиптин жаны ырлары качан жуктолот
23.11.2015 11:36
admin_media
Eseke2013,
Саламатсызбы! Жакында порталга жүктөлөт.
22.11.2015. 14:16
 altynbek_canto
Ушу ырчылардын дикциясы жакшы эмес да, кайсы тилде ырдап атканын түшүнбөйсүң.
22.11.2015. 22:31
 manas93kg
Хит болбойт бирок жакшы
23.11.2015. 09:10
 Konchay
Ушул да ырбы.
30.11.2015. 18:26
 dastan_nookat
Кундо угуп жатам
08.12.2015. 12:43
 Jaku86
Eptep ele unda depazon degen jok bularda degele.
03.01.2016. 02:57
 aika_87_2007
Азаматсынар кыргызымдын жигиттери!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо