Самара Каримова "Баргым келет апама"
03:36
3,3 Мб
Жүктөлгөн: 24-11-2015
Жанр: Поп
Сөзү:А.Өмүркановдуку
Обону:Э.Талиповдуку
Көчүрүү
  • Currently 4.62/5
(26 добуш)
Ар бир жандын аман болсун апасы,
Чексиз бакыт апалардын батасы.
Ойлой берем ишимде да, үйдө да,
Апакемдин болбосо деп капасы.

Арылбаган ырыскынын кемеси,
Ар бир жандын эсен болсун энеси.
Апам барда дүйнө түгөл, баш эсен,
Тоодой кубат жанда жүргөн элеси.

Бакыт балкып, бакта гүлү жайнаган,
Балалыкка булбул кушу сайраган,
Баргым келет, баргым келет апама,
Балтыр бешик бала болуп кайрадан.

Комментарийлер (34)

24.11.2015. 14:20
 tynystan
Уккулуктуу мааниси терен ыр болуртур апаларыбызды эч качан капа кылбайлы!
24.11.2015. 17:49
 Salman777
деги самаранын озунун ырлары барбы , ким билет ?
26.11.2015 19:42
sayakat
Salman777,озунун ырлары да бар.кимдин ыры экенинин не мааниси бар негизги журоко жеткликтуу кылып ырдаса болду да.
24.11.2015. 18:32
 gulbastym.87
Эч качан болбосунчу апакемдин капасы молодец Самара жакшы ыр экен
24.11.2015. 19:06
 Lazat
Канча күндөн бери күттүм. Рахмат супер инфо. Самара сага чыгармачылык ийгилик жана жаңы ырларды күтөм. Комуз менен да ырларды ырдап чыксаң жакшы болмок. Ырга 5555++++Модератор admin_media түзөттү 2015-11-25 10:11:20
24.11.2015. 22:59
 barsbek88
Суйуу суйуу суйуу кучум ай деген ырды жуктоп крйгулачы сураныч таппай жатам канчадан бери
25.11.2015 10:41
admin_media
barsbek88,
Саламатсызбы! Аткаруучусун же ырдын аталышын жазып койсоңуз издөөгө ыңгайлуу болмок. Сунушуңузду эске алабыз, рахмат!
25.11.2015. 01:12
 Tologon1981
Салам Самара сенин талантын менен кайсыл ыр болсо да мыкты аткарылат.
25.11.2015. 01:57
 jipara86
Эн жакшы.Самара ишине ийгилик.
25.11.2015. 04:36
 adikon-00
Эх Апакемди сагындым Эн сонун
★★★★★
25.11.2015. 06:54
 Kgstar96
Эх эжекем сиз ырдаган ырлар баары жашарып кететкооо суппер болуптур
25.11.2015. 07:28
 mirana9395
ыйлаттынызго озу ♥♥апакемди♥♥сагынып турганым да.жакшы ыр
25.11.2015. 09:28
 Karavancity
Супер инфо Айылына бардым сага сойко салдым жаным ардагым деген ырды жуктоп койгула
25.11.2015. 09:42
 Jikos
Мааниси гана жакшы болбосо обону укулуксуз эле экен, мен да башкача ыр болот окшойт депмин,Апалар учун болгон учун мактанса болот , анан обону жон эле мен да чыгарып кое турган ,начар.
25.11.2015. 12:24
 Jazim93
Красавица Самара.
25.11.2015. 13:08
 amanatym
окшош ырлар болуп кеткен го
25.11.2015. 14:34
 DUNI
Тумонбай Колдошев ырдап чыккан ырды ырдап популярдуу болсо ,бул да болот деген окшойт. ырды бузуп коюптур. мааниси жакшы ырдын
26.11.2015 01:32
Nazgul91
DUNI,кандайча бузуп коюптур,жаны обон болуп атса кайсы ырга окшоштуруп атасын
25.11.2015. 19:45
 Umar.
Самара эже жонокой ырды ырдасаделе популярдуу болуп кететда
25.11.2015. 19:46
 japardos
эн сонун жакшы ырдапсын Самара
Баарыбыздын Апаларыбыз бар болсун.
25.11.2015. 20:30
 beben
Созуно соз жок бирок обону ,аткаруучу ырды бузуп коюптур
26.11.2015. 03:15
 kyma9183
Ушул ырды башка бир ырчы ырдаса жакшы чыкпаса керек эле
26.11.2015. 07:14
 oroskulov1988
Жарайт
26.11.2015. 16:21
 Karavancity
админ медиа даны бит кайтала малика динанын мол булак деген ырын жуктоп койсонор болмок
26.11.2015 16:29
admin_media
Karavancity,
Саламатсызбы! Сиз сурап жаткан ыр аткаруучунун өздүк архивинде азырынча жок болгондугуна байланыштуу жүктөй албайбыз. Колубузга тийип калса порталга жүктөлөт.
26.11.2015. 19:43
 sayakat
самара чыгармачылыгына ийгилик .
26.11.2015. 20:07
 Belek2070
Самаричканы короалбагандар кобойуп кетиптирго. Ошол Тумонбайнар деле Самара ырдап чыкандан киин ошол ырды мен апамды койногунон тааныганын менин ырым деп уялбай чыга калды аял кишиге тенелип ХХХ ХХХМодератор admin_media түзөттү 2015-11-27 09:45:58
27.11.2015 09:46
admin_media
Belek2070,
Кимдир бирөөнү мазактоодо тыюу салынат!
30.11.2015 10:46
amanatym
Belek2070,айланайын ал деген ырдын автору, жаратуучусу ырды жаратпаса самапан кайдан ырдамак эле, ошондуктан ырды с.и. го чыгарганда авторун кошуп жазсанар жакшы болмок!Самаранын колунан келбейт музыка жаратуу ал жон гана аткаруучу.
26.11.2015. 20:34
 nazi8889
апалар бар болсунчу ар дайым
27.11.2015. 09:13
 Mongol1155
Сагынганда атамды,Баргым келет апама,эми кийинкиси кимге барабыз?Самара молодец!
15.03.2016. 22:31
 Benos
Ушул ырды фейсбуктан окуп абдан жаккан эле. Ким обон жазар экен деп жургом. Маанилуу текст,уккулуктуу обон, мыкты аткаруучу!! Бар болон Самара эже.
08.05.2016. 18:05
 Elvi08
Соз жок.Ушунчалык жеткиликтуу кылып ырдаптыр,ыйлагы келип кетет экен.Музыкасы да сонун.
10.02.2017. 03:12
 kumushai-kg
Самара еже кимдин ыры болсода сиздин голосунузду сыйлайм сизге ийгилик
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо