Айпери Кулбаева "Кызыма"
05:04
4,64 Мб
Жүктөлгөн: 11-12-2015
Жанр: Эстрада
Сөзү:М.Осмоновдуку
Обону:М.Осмоновдуку
Көчүрүү
  • Currently 2.00/5
(1 добуш)
"Жан кызым" деп мен колуңдан жетелеп,
"Апакелеп" куурчак ойноп секелек.
Ар нерсени сурай берген божурап,
Кыз болчусуң, чачы өрүмгө жетелек.

Кайырма:
Мейли кызым барагой,
Бактыңды издеп табагой.
Айдай болуп жаркырап,
Жылдыз болуп жанагой.
Ак жол кызым барагой,
Бактыңды издеп табагой.
А, дегенде, ай кызым,
Кайненеңе жагагой.

Алыш үчүн апакеңдин мурасын,
Чоң турмушка аттанганы турасың.
Адебиңе, алган жарың арзысын,
"Кайсыл жердин кызы экен?" деп, сурасын.

Кайырма:

Ак жолтой бол, алганыңа терең бол,
Кабак түйбөй, кайын журтка кенен бол.
Турмуш кандай көрсөтсө да сыноосун,
Жарың менен бардыгына белен бол.

Комментарийлер (3)

12.12.2015. 13:40
 Aquarius84
Бул ырды канчоосу ырдап чыкты, башка ыр калбадыбы ырдаганы кызыгы деле калбай калды.
15.01.2016. 12:19
 elina2014
созу жокбу?
15.01.2016. 12:20
 elina2014
ким билет эми мен башкамын сагынбайм деп ким ырдайт? мин кыял радиосунан укткм
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо