Замир Арыкбаев "Суранам"
03:56
3,6 Мб
Жүктөлгөн: 15-12-2015
Жанр: Поп
Сөзү:Абдирашит Урбаевдики
Обону:Эгемберди Талиповдуку
Көчүрүү
  • Currently 4.46/5
(13 добуш)
Суранам, кетпесеңиз, ичим тыз-тыз,
Жүрөктө сезимдерди ойготтуңуз.
Суранам, өчүрбөстөн ошол отту,
Жанымда дагы бир аз,
Жанымда дагы бир аз отуруңуз.

Кайырма:
Жүрөгүм, ичим тыз-тыз,
Сезимди ойготтуңуз.
Суранам, өчүрбөстөн ошол отту,
Жанымда дагы бир аз отуруңуз.

Сүйлөңүз, ширин экен сөздөрүңүз,
Тиктеңиз, назик экен көздөрүңүз.
Суктанып жүзүңүзгө тигилейин,
Айтылсын жүрөктөгү,
Айтылсын жүрөктөгү сөздөрүңүз.

Кайырма:

Суранам, кетпесеңиз, ичим тыз-тыз,
Жактыңыз махабаттын отун укмуш.
Жылынып ошол оттун илебине,
Жанымда дагы бир аз,
Жанымда дагы бир аз отуруңуз.

Комментарийлер (21)

15.12.2015. 13:32
 joker007
Жакшы ырдаптыр гитаранын коштоосунда,Айпери Кулбаевада жакшы ырдаган бул ырды фольклорный вариантта.
15.12.2015. 13:52
 amanatym
уну Айпериге жетпей калды го
15.12.2015. 14:51
 Mars55
мендей ырдайт экен.
15.12.2015. 15:41
 Daiza
Сонун экен, жактыыыыы
15.12.2015. 15:51
 http
Жанымда дагы бир аз отурунуз...
Гитаранын уну, эх керемет
15.12.2015. 17:17
 Nazgul91
Аябай сонун ырдаптыр,унун обонго жарашыптыр
15.12.2015. 17:39
 Nazgul91
Бул ырды биринчилерден болуп Динара Акулова ырдаган,андан кийин эки бала ырдаган аттарын унутуп жатам,андан кийин Айпери кулбаева фольклорный вариантта ырдады,кийинчерек оранжировка кылды,Сайкал САдыбакасова оранжировка кылып ырдаган жб.баары оздорунун стилинде ырдашкан,баары сонун
15.12.2015. 20:16
 aizada15
Создору сонунго
15.12.2015. 23:56
 KG_vip
Жакшы экен
16.12.2015. 04:15
 Aichoy
Ушул ырды Динара Акулова ырдагын жуктоп бергилечи Урматтуу Админ сураныч! Суранам дагы бир, аз суранам дагы бир аз...)))
16.12.2015 11:51
admin_media
Aichoy,
Саламатсызбы! Сунушуңузду эске алабыз, рахмат!
16.12.2015. 09:36
 Мэри
Гитара унутула түшкөнсүдү эле, ортодо, Замир Арыкбаев кайра жан бергендей болуптур... Аткаруу жаман эмес...
19.12.2015. 10:33
 kosya700
Баракелде беш
20.12.2015. 00:40
 Abad
клип жок беле
02.02.2016. 22:02
 Leili
сонун ыр экен мага абдан жакты Супер
04.02.2016. 11:02
 TAYiRbEK_kGZ
Красавчик брат
10.02.2016. 22:40
 askar_myrza
Эн жакшы обон
10.02.2016. 22:41
 askar_myrza
азаматсыз эркекче ыр экен
06.06.2016. 17:26
 Sultanova.J
Абдан сонун ырдаган мага да абадан жагат. Клиптеги кызда аябай жакшынакай экен
02.11.2016. 15:24
 Alymov312
Эң сонун мага жаккан ыр.
10.11.2016. 09:50
 azamat-1992kg
Замир Арыкбаевдин "Кошуна кыз" деген ырын дагы киргизип коесуздарбы.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо