Айнура Салахидинова, Руслан Нарынбаев "Жаңы жыл"
03:27
3,16 Мб
Жүктөлгөн: 17-12-2015
Жанр: Поп
Көчүрүү
  • Currently 4.67/5
(3 добуш)
Жаңы, жаңы, Жаңы жыл,
Кирип келди кайрадан.
Жаңы жылдан жакшылык,
Күтөт элдер сандаган.

Тынчтык, сүйүү, бейкуттук,
Чын ден соолук кааларым.
Ыр-күлкүгө чуулганып,
Шаңга толсун айланам.

Кайырма:
Көңүлдөргө дайыма,
Күлкүлөр толуп, шаң болсун.
Адамзаттын жан дүйнөсү,
Жааган кардай ак болсун.
Эски жылды узатып,
Жаңы жылды биз тосолу.
Ар бир үйгө кут кирип
Ден соолукта бололу.

Сааттын жылып жебесин,
Он экиге кактырат.
Шаңга толуп көчөлөр,
Шампан көккө атылат.

Ар бир үйгө Жаңы жыл,
Кирип келет жаркырап.
Жаңы жылда жакшылык,
Каалоо-тилек айтылат.

Кайырма:

Комментарийлер (4)

18.12.2015. 05:49
 beka.beka.007
жакшы ырдашыптыр
18.12.2015. 09:06
 4aidai
Жакшы дуэт, уккулуктуу ыр экен. Мага абдан жакты.
02.12.2016. 14:13
 dina_nina
Аябай жакшы ыр, Руслан Нарынбаев ырдаганда жакшы ырдайт. Айнура эже мага жагат, жонокой.
04.02.2017. 22:02
 sardar1
Ото жакшы ыр экен. Айнура Салахидинова сизге ийгилик. ырларыныз керемет.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо