Баястан, Бегиш "Эне тил"
03:17
3,01 Мб
Жүктөлгөн: 21-12-2015

Бул ыр Каспер менен биргеликте аткарылган
Жанр: Рэп (Хип-хоп)
Көчүрүү
  • Currently 4.61/5
(18 добуш)
Кооз жерде төрөлгөм деп ойлойм ар дайым,
Төрт мезгил мекенимде күз, кыш, жаз, жайы.
Дайым элимдин алаканы жайык,
Жаратканым буюрса берет, баарыбызга нан жайып.
Мен ишенген адамдар бар, алар мага ишенет,
Бир максатты көздөсөк бошонобуз кишенден.
Бийик учуп, бүркүт сымал Ала-Тоонун үстүндө,
Кыргызстаным муктаж салым кошкон ар бир кишиге.

Кайырма:
Бул чыгарма меники, менин энекемдики,
Угармандыкы, сеники.
Бизге кыргыз тил сабагын берген эжекеники
Сөзү менин мекенимдики,
Сөзү менин энекемдики,
Бул жашоонуку, сеники,
Сага кыргыз тил сабагын берген эжекеники,
Сөзү кымбат кыргыз элдики.

Элимдин жаны менен барабар жерге,
Илгери ата-бабаларыбыз келген.
Улутум сүйлөсүн деп эне тил берген,
Урпагы сактасын деп мээнетин арнаган.
Сөз байлыкты баалаган,
Күндөр өттү арадан.
Жер кургап жамгыр төктү,
Дале кыргыз деген бар адам.
Эй, жашайт мейкин ааламда,
Мен да эркин баратам.

Кайырма:

Кыргыз тил сенин тилиң,
Менин тилим, эне тилим,
Жашайт дайым урпактарга берет билим.
Керек тилим сүйлөгөнгө,
Маселени чечкенге, маектешип түшүнүүгө,
Таарынычты кечкенге.
Кеч калба, эч алба, башка тилди биринчи орунга,
Эне тилиңди тиричилик орунда.
Эсиңдеби эне тилиң колуңда,
Сүйлөсө дейм кыргызча борборумда.

Кайырма:

Комментарийлер (12)

21.12.2015. 14:54
 Bekish_zbp
Жакшы рэп, Угуп жатам мыкты чыгарма деп.
22.12.2015. 09:22
 Anasteysha
супер инфо Бегиштин ырларынын создорун жуктоп койгулачы.
22.12.2015. 09:24
 Anasteysha
Жакшы ыр, Бегиш мн К.А реппи жагат, молодцы , Алга!
22.12.2015. 16:45
 Kyke08
зынк
26.12.2015. 17:01
 timurernesov
Бул чыгарма меники, менин энекемдики,
Угармандыкы, сеники.
Бизге кыргыз-тил сабагын берген эжекеники...

ЖАКПАДЫ!!!
20.01.2016. 19:14
 antoshiin
Бул чыгарма меники, менин энекемдики,
Угармандыкы, сеники.
Бизге кыргыз-тил сабагын берген Жанан эжекеники
Сөзү менин мекенимдики,
Сөзү менин энекемдики.
09.02.2016. 21:50
 kubinez
Сонун сонун ыр жакшы Алга...
01.03.2016. 17:53
 kana-kg
14.03.2016. 13:35
 kuba-kg
Соонун ыр экен ийгилик жигиттер дагы ушундай ырларынарды кутобуз
10.09.2016. 04:40
 Riokyrgyz
Бул чыгарма меники.жарымысы Сеники.угармандыкы,теетитники.Жазгул эжекеники.
08.10.2016. 19:15
 Erzhan.98
Ушул ырдын минусун жуктоп коёсуздарбы?!
22.10.2016. 17:35
 Erzhan.98
admin, ушул ырдын минусовкасын жуктоп коюнузчу
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо