Айпери Кулбаева, Майрамбек Осмонов "Сүйдүм чок"
03:41
6,73 Мб
Жүктөлгөн: 21-12-2015
Жанр: Эстрада
Сөзү:Кыялбек Урманбетовдуку
Обону:Майрамбек Осмоновдуку
Көчүрүү
  • Currently 4.13/5
(8 добуш)
Өмүрдү арнайт десем,
Өңүмдү саргайттың сен.
Ый болбой тагдырыма,
Ыр бойдон калбайт белең.

Бардыгын кечирчи деп,
Барбаймын экинчи ирет.
Ак сүйүү ыйлайт мага,
Атасыз жетимсиреп.

Гүл өмүр сынбайт дегем,
Өзүңө сунбайт белем.
Жоо болбой бир көзүмө.
Тоо бойдон турбайт белең.

Кечирчи, кечирчи деп,
Келбегин экинчи ирет.
Ак сүйүү ыйлайт сага,
Атасыз жетимсиреп.

Бейкапар күлбөйт белек,
Бирге өмүр сүрбөйт белек.
Түн болбой жылдызы жок,
Күн бойдон жүрбөйт белек.

Күтсөк да кечирчи деп,
Гүлдөбөйт экинчи ирет.
Ак сүйүү ай талаада,
Армандуу жетимсиреп.

Кечирчи, кечирчи деп,
Келбегин экинчи ирет.
Ак сүйүү ыйлайт мага,
Апасыз жетимсиреп.

Барбаймын экинчи ирет...
Келбегин экинчи ирет...

Комментарийлер (11)

21.12.2015. 19:45
 nurii
Ийгилик болсун.Соонун.
23.12.2015. 00:27
 kachy0212
Супер хит 2016.болот.
23.12.2015. 01:54
 joker007
Оригиналдуу ыр экен жакшы клип кутобуз....
23.12.2015. 03:27
 torobekmolaipov
Сонун чыгыптыр
23.12.2015. 08:57
 Mars55
жакшы
23.12.2015. 14:43
 admin_media
Kudi,
Саламатсызбы! Сизде кандай катачылыктар болуп жатат? Бизге купуя кат аркылуу кененирээк жазып койсоңуз, рахмат!
23.12.2015. 14:55
 Мэри
)))) Ой, чын экен да. "Сүйдүм чок" десе, мен тамашалап жаткан экен дегем да...
23.12.2015. 18:50
 Kgstar96
Оа соонун чыгыптыр
03.01.2016. 12:28
 albina-92
Урматтуу админ текстин жазып койгулачы. Алдын ала ыраазычылык!
11.09.2016. 14:05
 Samandar
Сонун ыр экен
25.09.2016. 10:13
 Kyialkech
Абдан жакшы ыр. Майрамбек Осмоновдун жалгыз озунун аткаруусундагыны жуктоп коесузбу админ. Рахмат.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо