Малика Дина "Айыл кечи"
03:13
2,97 Мб
Жүктөлгөн: 02-12-2008
Сөзү:Лариса Асанбекованыкы
Обону:Володя Печёновдуку
Көчүрүү
  • Currently 4.50/5
(6 добуш)
Бак-дарак гүлдөп гүлүн ачкан,
Алма-өрүк аппак гүлүн чачкан.
Сагындым жыпар айыл кечин,
Кызарып ысык күндүн баткан.

Чымчыктарым сулуу чырылдашкан,
Агарып таң чыгыш жактан.
Сагындым айыл аппак таңын,
Күн нурун жерге жылуу чачкан.


Кайырма:
Ташкыны дайралардын,
Күкүктүн сайраганы.
Кызгалдак талаа, түздө,
Кызарып жайнаганы.

Кар кетип, суулар ташып аккан,
Чөп чыгып, күн нурун чачкан.
Сагындым жашыл көктөм жазын,
Кызарып тоого күндүн баткан.

Бак-дарак гүлдөп гүлүн ачкан,
Алма-өрүк аппак гүлүн чачкан.
Сагындым жыпар айыл кечин,
Кызарып ысып күндүн баткан.

Комментарийлер (23)

02.12.2008. 19:48
 spp
Динаранын кызы беле?
06.12.2008. 01:16
 Зарема
Оба чонойуп калыптыр. Жакшынакай сулуу кыз болуптур! Жаштыгына карабай уну жагымдуукен. Кудай буйруса бул кыздан чоон ырчы чыгат деген умуттомун!
06.12.2008. 14:54
 KARAHAN
Деги ушул ырларды ачып уккандар барбы (1 айдан бери серый эле бир нерсе турат го, ачылбай) :)
06.12.2008. 15:12
 kuttum seni
Жакшы ыр экен
07.12.2008. 02:02
 Tokmok
Maladez ozuno jarasha yryrdap. A to kichinekei kyzdar-baldar ni vthemu yrlardy yrdai berishet.Kichinekei bolgondon kiyin detskiyi ele yrlardy yrdasa priyatno.Bizde bashkalarga salyshtyrganda detskiyi yrlar jokko ese....
08.12.2008. 12:01
 jakshy_kyz
Үндү уксаңар үндү!!! Машаллах!!!
08.12.2008. 14:04
 bakulj
Конулу жок ырдагандай эле туюлуп жатат мага. Жон эле туруп ырдап койгондой!
10.12.2008. 17:21
 Nike
Колдуктор алга, так держать сестренка!
10.12.2008. 17:39
 Айдай
"эшигин көрүп төрүнө өт, энесин көрүп кызын ал" деген ушул да МОЛОДЕЦ!!!
30.12.2008. 13:39
 лунка
жакшы ыр экен. мамасын тартса жакшы экен.Ийгилик сага!
07.01.2009. 12:55
 DaniMiX
Сонун ырдаган... мага жакты :)
13.01.2009. 22:05
 kanat
Унундон сенин! Чонойсо Бактыгул Неля жолдо калат.
27.01.2009. 18:58
 ХАНЗАДА
кичинекей болуп алып сонун ырдаптыр. кантсе да апсынын кызы да.
01.03.2009. 02:13
 MIR
Molodec , golos prosto super .
25.03.2009. 13:48
 altyn-dos
Ай аябай сонун ырдаптыр. Оркунун оссун, кыргыздын багына бажырайып ырдап журо бер.
13.07.2010. 13:09
 maradona
азаматсын Малика сенин ырларынды тынбай угабыз
27.09.2010. 21:27
 ogustin
unu ayabai sonun eken. koz tiibesin maashallah. onorun orkundoi bersin
01.02.2012. 17:21
 placer
малика онорун оркундосун
12.02.2012. 17:17
 IRA
Малика Дина жакшы ырдаптыр
12.02.2012. 17:18
 IRA
Дагы ушундай ырларынан кутөм
15.11.2012. 20:43
 salamatka
soonun yr molodes Malika Dina
20.10.2013. 22:53
 joki28
Молодчина,супер!
20.10.2013. 23:09
 killer-star
ушул кызды суйуп калдымда
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо