03:08
3,58 Мб
Жүктөлгөн: 06-01-2016
Жанр: Поп
Сөзү:Руслан Нарынбаев, Нурмат Садыровдуку
Обону:Руслан Нарынбаевдики
Көчүрүү
Мен сүйгөн менен пайда жок,
Кантейин, жаным, айлам жок.
Өзүң деп соксо жүрөгүм,
Өкүнгөн менен аргам жок.
Кайырма:
Балбылдап көздөрүң кара-кара,
Айта албай сүйүүмдү сага гана.
Айтайын, башканын кереги жок,
Жылмайып жылуулук берчи мага.
Сүйдүрдүң мени, сүйүктүүм,
Үзө албай сенден үмүтүм.
Өзүң деп өтсөм өмүрдөн,
Арманым айтчы, ким үчүн?
Кайырма:
Чалкыган көлүӊ керемет,
Жаады эле жамгыр себелеп.
Арзыган сага жүрөктү,
Кетпечи, жаным, тебелеп.
Кайырма:
Комментарийлер (10)