Гүлнур Сатылганова "Күн достор"
03:23
5,42 Мб
Жүктөлгөн: 14-01-2016
Жанр: Поп
Сөзү:Кыялбек Урманбетов
Обону:Эркин Мээрканов
Көчүрүү
  • Currently 3.67/5
(3 добуш)
Жакшы дос өчкөн жанга от берет,
Жаныңды жан досуңа кош демек.
Жаркыбай жалаң гана майрамда,
Жабыкканда жарык берген дос керек.
Көрө албас, ич тардыкты жойгула,
Бөлүнбөй акыреттик болгула.
Сыр билги досуң тунук күзгүдөй,
Сынып калса келбес кайра ордуна.

Кайырма:
Сырды бек сактаган, сыртымдан сатпай,
Тунук бол көз жаштай, досторум менин.
Чыр сөздү айтпаган, чындыктан кайтпас,
Күн болгун батпаган досторум менин.

Сүйүнтүп тарта бербей сыйыңды,
Күйүнтүп айта жүргүн сыныңды.
Күн достор силер менен бөлүшөм,
Бир тууганга билдирбеген сырымды.
Күлгүлө карегимден баш багып,
Жүргүлө жүрөгүмдө сакталып.
Баарыңды күн достор деп атадым,
Бар да силер баскан жолум жапжарык.

Кайырма:

Дооруңда түркүн адам кабылат,
Дос изде, душман өзү табылат.
Ар убак нурун төксө күн достор,
Аз өмүрдө бүт армандан арыла.

Комментарийлер (3)

20.01.2016. 11:57
 Melis2014
Супер инфо сураныч (сагынган жанмын сага окшоп)деген ырды табып бергилечи
20.01.2016 14:15
Adi-95_95_95
Melis2014, Айгул Чалова ырдайт бирок порталда жок
Комментарийлерди жашыруу
20.01.2016 17:32
Melis2014
Adi-95_95_95,рахмат супер инфодон тез жооп бергенине
20.01.2016 17:56
admin_media
Melis2014,
Саламатсызбы! Шилтеме менен кириңиз: http://www.super.kg/media/?search_term=сагынган+жанмын&search_author=0&media_search=1&x=0&y=0Модератор admin_media түзөттү 2016-01-20 17:57:40
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо