Гүлнара Кахарова "Биз анда..."
04:04
3,72 Мб
Жүктөлгөн: 15-01-2016
Жанр: Поп
Сөзү:Жыпара Исабаеваныкы
Обону:Гүлжигит Сатыбековдуку
Көчүрүү
  • Currently 3.78/5
(9 добуш)
Биз ал кезде талдай жаш элек,
Аруу элек, сулуу, наз элек.
Он гүлүнүн бири ача элек,
Жакшы ырлардай ширин, наз элек.

Кайырма:
Каректерге кайгы, убайым али ката элек,
Билип, билбей күнөөлөргө дагы бата элек.
Байлык, бийлик, мансап даамын тата элек,
Кандай таза, кандай жаш элек...

Ошондо биз өктөм, жаз элек,
Аруулукка кумар, мас элек.
Жалганчылык жанга бата элек,
Жашоонун шор даамын тата элек...

Кайырма:

Каректерге кайгы, убайым али ката элек,
Билип, билбей күнөөлөргө дагы бата элек.
Байлык, бийлик, мансап даамын тата элек,
Кандай таза, кандай жаш элек...
Жакшы ырлардай ширин, наз элек...

Комментарийлер (8)

16.01.2016. 00:10
 Мэри
Текст соонун экен, авторго терең ыраазычылык! А обонду жакшы дей албайм, жакшы текстке жакшы обон болсо сонун болмок...
16.01.2016. 03:09
 tatynam
Ушул эжекенин ырларын суйуп угам го
17.01.2016. 21:51
 daniel87
Гулнара эжм ырларынызды угуп Жан дуйном жай алат,конулум жаз болуп бакытка болоном сиз сахна канышасысыз!!!!!
18.01.2016. 11:32
 deva
"Сүйөм деп айтпаса экенге" жетпей калыптыр
20.01.2016. 14:02
 ayper
Созуно обону дал келбей калыптыр менин оюмча
08.03.2016. 08:57
 Komrad
Мага бунусу кобуроок жакты. Создору жакшы кен
10.03.2016. 02:12
 Pandora
Созу,мааниси сонун бирок обонду башкадан иштеп чыкса болмок экен.Эжеке сизге соз жок.
29.11.2016. 17:00
 Krai
Обону эн сонун музыкасы жакшы болгон учун ушул ыр менен дагы Бир тепкичке которулду Гулнара эжебиз
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо