Айпери Кулбаева, Майрамбек Осмонов "Туулган жер"
04:19
5,93 Мб
Жүктөлгөн: 18-01-2016
Жанр: Эстрада
Сөзү:А.Исаковдуку
Обону:М.Осмоновдуку
Көчүрүү
  • Currently 4.67/5
(6 добуш)
Туулган жерим, ыйыгымсың бабам баскан,
Баары-жогун бирдей көрүп, бирдей баккан.
Шамалыңа көкүл сылап эркелетсең,
Ызгаарда ороп чулгап, коюн каткан.
Канатыңа калкалай бер балдарыңды,
Баары бир айтпайсың сен арманыңды.
Тээ алыста жүргөндөр көп сагынышып,
Жакын туруп кабар албай калбадымбы.

Жаралагандан жанып турган жарыгымсың,
Аталардан калган өзөк, тамырымсың.
Кубат кетип, алдай тайып турганымда,
Гүл азык болуп берчү азыгымсың.
Канатыңа калкалай бер балдарыңды,
Баары бир айтпайсың сен арманыңды.
Тээ алыста жүргөндөр көп сагынышып,
Жакын туруп кабар албай калбадымбы.

Сырын сактап, сының сактап, өмүр улап,
Жылдар эмес кылым өтөөр убап-чубап,
Сурай албай калсам дагы абалыңды,
Сен турарсың урпактардан абал сурап.
Канатыңа калкалай бер балдарыңды,
Баары бир айтпайсың сен арманыңды.
Тээ алыста жүргөндөр көп сагынышып,
Жакын туруп кабар албай калбадымбы.

Комментарийлер (4)

18.01.2016. 16:51
 damir007
Жакын туруп кабар албай калбадынбы...
18.01.2016. 20:34
 Nursultan.m.n
Алыста жургонундо баркын билет экенсин негизи
Туулган жерди
18.01.2016. 23:26
 joker007
Сонун ыр экен туулган жердин топурагы алтын деген соз бекеринен келип чыкпаса керек да,бравооо ийгиликтер коштоп журсун сиздерди...
04.10.2017. 00:05
 KarakuljaG
Эң сонун +5
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо