Түмөнбай Колдошов "Коштошуу"
02:46
3,79 Мб
Жүктөлгөн: 19-01-2016
Жанр: Эстрада
Сөзү:Мирлан Самыйкожонуку
Обону:Түмөнбай Колдошовдуку
Көчүрүү
  • Currently 3.86/5
(14 добуш)
Кыйналтып жанды оорутайынбы?
Көңүлдүн шагын соолутайынбы?
Көөнүмдү көзөп чок тиштеп алып,
Коштошуу үчүн жолугайынбы?

Кысылып кайнап эзилейинби?
Кырчылып сынып кетилейинби?
Көзүмдү оюп алгандай болуп,
Көрүшпөс үчүн кезигейинби?

Азаптын заарын төгүшөйүнбү?
Армандын баарын бөлүшөйүнбү?
Акылдын алсыз кулундай болуп,
Акыркы жолу көрүшөйүнбү?

Жүрөктүн дартын козготоюнбу?
Жашоонун баарын токтотоюнбу?
Жоолугуң үчүн, соолугуң үчүн,
Жолугуп алып коштошоюнбу?..

Комментарийлер (18)

19.01.2016. 11:28
 saparali96
Эх чиркин кандай гана сонун ыр болгон,мен учун жазгандайго,азаматсыз ийгилик сизге
19.01.2016. 11:32
 saparali96
Админ Т.Колдошов менен кантип байланышса болот?жазган ырым бар эле берсем ырдайт болду бекен
19.01.2016. 15:47
 mirana9395
жакшы ыр экен
19.01.2016. 18:38
 Angel92
Керемет саптар
19.01.2016. 20:19
 Maks_sharshenaliev15
Жаманга омур бою кор болгончо. Жакшыны бир кучактап опкон артык. Деген ырды ким ырдайт.
20.01.2016 11:24
damir007
Maks_sharshenaliev15, http://www.super.kg/media/audio/127603/
20.01.2016. 01:36
 aidai88
Унунузго береке,сонун создор
21.01.2016. 05:58
 gulbastym.87
Агайыбыздын ар бир ыры уккулуктуу,бар болун дагы да ушундай эл суйуп уккан чыгармаларды жарата берин.
22.01.2016. 08:38
 bekmyrza58
Teksti mykty eken. Anan dagy bilbeimin....
22.01.2016. 12:47
 Kgstar96
Эх чиркин кандай гана соонун ырларды чыгарат. Чын эле админ кантип байланышса болот Т.Колдошов менен купуя аркылу айтып койосузбу электондук дареги болсо
22.01.2016 12:52
admin_media
Kgstar96, saparali96,
Саламатсыздарбы! Тилекке каршы биз андай маалыматтарды бере албайбыз.
22.01.2016. 13:54
 Kgstar96
Аха сизге чон рахмат админ
16.02.2016. 21:40
 Tumara1992
Урматтуу админ сураныч кат жаздым келесинби журокто кусалыкты асылкеч женесинби деген создору бар ырды таап бергилечи. Теледен бир кордум эле Алтынай Нарбаева ырдаганын
17.02.2016 14:33
admin_media
Tumara1992,
Саламатсызбы! Сунушуңузду эске алабыз, рахмат!
05.02.2017. 06:17
 aiposharysbekova
сонун ыр экен баракелде
18.05.2017. 21:58
 MaksAruna
Угуп тажабай турган ырлар жарата бериниз
Ийгилик!!!
09.06.2017. 23:56
 Ilgiz97
Абдан соонун чыгыптыр...
Бар болунуз агай угуп тажай албадым эч
29.11.2017. 18:58
 aqua-94mema
Мынча соонун ыр.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо