Эльзар Өскөнбаева "Дил билет"
03:02
5,53 Мб
Жүктөлгөн: 25-01-2016
Жанр: Фольклор
Обону:Б.Стамкулованыкы
Көчүрүү
  • Currently 4.00/5
(2 добуш)
Өлүмдүн кадырын өксүгөн жан билет,
Көңүлдүн кадырын көксөгөн жан билет.
Сүйүүнүн кадырын жетпеген жан билет,
Достуктун кадырын четтеген жан билет.
А бирок атанын кадырын ким билет?
Аттиң, ай, эненин кадырын ким билет?

Күлкүнүн кадырын муңайган жан билет,
Жаштыктын кадырын улгайган жан билет.
Ден соолук кадырын оорукчан жан билет,
Оорунун кадырын боорукер жан билет.
А бирок атанын кадырын ким билет?
Аттиң, ай, эненин кадырын ким билет?

Баланын кадырын балага зар билет,
Жарынын кадырын акылман жар билет.
Бардыгын, бардыгын адамдык дил билет,
Аттиң, ай, ата-эне кадырын ким билет?
Аттиң, ай, ата-эне кадырын ким билет?
Бардыгын, бардыгын адамдык дил билет.

Комментарийлер (4)

25.01.2016. 16:38
 Lazat
Супер инфо сураныч Гулбу Ороскул кызынын Бактылуу болгум келет махабаттан, Кусалык ырларын жуктоп коюнуздарчы
25.01.2016 17:24
admin_media
Lazat,
Саламатсызбы! Сунушуңузду эске алабыз, рахмат!
24.02.2016. 19:06
 t-bakyt
Админ сураныч Элмирбек Иманалиедин ырларын, дастандарын жүктөңүздөрчү мүмкүн болсо. Алдын ала рахмат.
25.02.2016 10:08
admin_media
t-bakyt,
Саламатсызбы! Сунушуңузга рахмат, аракет кылабыз.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо