Кайыргүл "Периштем"
04:04
3,73 Мб
Жүктөлгөн: 27-07-2010
Сөзү:Б.Алыбаевдики
Обону:Р.Абдыкадыровдуку
Көчүрүү
  • Currently 4.00/5
(8 добуш)
Санаалар уюп, сайылып канжар сезимге,
Сагыньп сени, саргайып жүргөн кезимде.
Ак толкун болуп, ак шоокум болуп,
Көрүнчү мага, периштем.

Көңүлүм эңсеп тайызды эмес, тереңди,
Түндүктүн суугу турганда каптап денемди.
Аскарым болуп, ак жалын болуп,
Жылытчы мени, периштем.

Жетем деп улам жылт эткен максат соңунан,
Бараткан кезде чырмалып кайгы торуна.
Карекке конуп, үмүтүм болуп,
Жанымда турчу, периштем.

Чарчадым эми дайыма тынбай сени издеп,
Турамын азыр кабагым бүркөө, сени эңсеп.
Ак таңым болуп, ак шамым болуп,
Түшүмө кирчи, периштем.

Комментарийлер (25)

27.07.2010. 17:19
 akiykat
Азаматсын!!!!
супер ыр болуптур!!!
27.07.2010. 17:38
 aibektemurov
менде Саламат Садыкова эжебиз ырдаганы бар. Бирок Кайыргулдун дагы аткаруусундагы бул обон аябай сонун болуп чыгыптыр. бир эле отунуч ырдын атын озгортпой эле койсонор
29.07.2010. 09:06
 MurasKgPatriot
YnY ayabay jagymduu eken
06.08.2010. 12:53
 Aqol
мактоого соз жетпейт, кантип кочурсо болот
07.08.2010. 03:05
 Afiget
Cool very good
08.08.2010. 00:12
 Адам
Супер башка варианты болсо ошону жүктөп койгулачы. Акырыраагында үнү өчүп калат экен.
13.08.2010. 15:42
 kush
Сонун ыр болуптур....мага жакты...
качан кочурууго болот...?
13.08.2010. 15:44
 kush
элдер кантип кочурууго болот...?
19.08.2010. 12:24
 Zoro
Дыхание не правильное.Голос слабоватый,идея аранжировка хорошая.Бул кыргызча ырды орусча акцент менен эмес накта кыргыз тамгалары менен ырдаса мындан да сонун болмок! Ийгилик!
15.10.2010. 06:00
 Arstan
Аябай сонун ыр болгон,уну жакты ырдаганы да,иши кылса соз жок,азаматсыз Кайыргул.Ийгилик!
18.10.2010. 12:00
 akiykat
super soz jok
04.11.2010. 12:56
 kuttum seni
Zoro го кошулам... Бир темпте кеткен эмес. Такттарында адашкандай го. Уну вообще кысылып калган. А так дааа Анжировкасына соз жок..
30.11.2010. 15:14
 look
Сураныч мага да кочурууну тушундуруп койгулачы не поддерживаемый файл болуп жатат.
09.12.2010. 16:11
 Shekerbek
супер пупер! мен ырдаган кызды суйуп калдым...
16.12.2010. 11:38
 saltane
Азаматсын Кайыргул улуулардын калтырган ыр-мурастарын унутпайлычы?!
04.01.2011. 11:31
 asaface
Жаңы үн, жаңы оранжировка, жаңы ырчы - бул ырга жаңы дем берген.Абдан жакшы.Менин бул ырга мамилемди өзгөрттү! Азаматсың Кайыргүл!
16.01.2011. 19:36
 Gul88
Азаматсыз Кайыргул соонун ыр экен талантыныз ташкындай берсин....
21.06.2011. 23:16
 lady-ga-ga
Super ! eski irla baribir jakshi bolot
06.08.2011. 09:21
 hayat
Азаматсын Кайыргул. Ырдын авторуна данк.
10.09.2011. 13:46
 azizabegim
Абдан сонун!!!Ийгилик сага, Кайыргул!!!
10.09.2011. 13:49
 azizabegim
Саламатсыздарбы!!!Жардамыныздар керек:)Алтынбек Борошов ырдаган "Ыйладын неге" атту ырды кандай тапсам болот?
07.10.2011. 22:08
 Syrgak
Бул ыр аябай эле сонун ыр негизи. Бирок Кайыргул абдан мыкты ырдап, Рыспай Абдыкадыровдон кем калбаптыр. АЗАМАТСЫН!!!. Клипинди коргондо кишини ыйлатат тим эле. Аябай окшоштурупсынар. Дагы бир жолу АЗАМАТСЫН!!! Кечкисин укмайынча уктай албай калдым.
23.06.2012. 22:06
 diku.bek
oorup kalamgo kairygul. "Birin4i mugalim"
11.06.2013. 02:37
 diku.bek
Чеги жок уккулуктуу ырдааа,,,,!!!
13.12.2016. 06:43
 ayva
Кайыргул уну жакшы уккулуктуу
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо