Гүлбү Ороскул кызы "Жел кайык"
03:01
2,76 Мб
Жүктөлгөн: 26-01-2016
Жанр: Фольклор
Сөзү:Гүлжамиля Шакированыкы
Обону:Сыймык Бейшекеевдики
Көчүрүү
  • Currently 4.50/5
(2 добуш)
Багытын беттеп шамалга,
Баратса жалгыз жел кайык.
Баладай коштоп сүйүнгөн,
Бактылуу жанда эмне айып?

Утурлай тосуп алдынан,
Уччудай колун кең жайып.
Кынала калып теңине,
Кылгырган көздө эмне айып?

Жазгырып жандын дүйнөсүн,
Жыпарын чачса кең жайып.
Жаркытып турган демине,
Жароокер жанда эмне айып?

Эңсетип сүйүү элеси,
Эсиңде турса тор жайып.
Санаага батып, жол карап,
Сагынган жанда эмне айып?

Баладай коштоп сүйүнгөн,
Бактылуу жанда эмне айып?
Сагынган жанда эмне айып?

Комментарийлер (2)

01.02.2016. 08:56
 dastan_nookat
Сайкал Садыбакасова-''Суранам''ырын жана Ильяз Абдыразаков Юрий Шатуновдун-''Детство'' ырын ырдаган эле ошону жуктоп койсонуздар суранамdastan_nookat түзөттү 2016-02-01 09:05:29
01.02.2016 09:58
admin_media
dastan_nookat,
Саламатсызбы! Сунушуңузду эске алабыз, рахмат!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо