Венера Назаралиева "Сүйүүңдү уурдап кетем"
04:08
5,67 Мб
Жүктөлгөн: 26-01-2016
Жанр: Поп
Сөзү:Б.Борбиевдики
Обону:Б.Борбиевдики
Көчүрүү
  • Currently 4.33/5
(6 добуш)
Сүйүүмдү байкабай сен сезбегениңден,
Күтүүдөн жүдөп келем, кыйналып келем.
Билбейсиң ийилбеген мүнөзүмдү сен,
Каалаган максатыма мен баары бир жетем,
Баары бир жетем.

Кайырма:
Сүйүүңдү уурдап кетем билгизбей сага,
Көзүңдү көздөрүмө мен көндүрүп алам.
Байланган сезимдердин баардыгын чечип,
Көңүлүң жалгыз өзүмө көндүрүп алам.

Ызамдан ызгаар болуп чыйрыгат денем,
Ыкташып күлүп жүрсөң сен башкалар менен.
Удургуп, ташкын болуп агылсам дагы,
Урагыс пайдубалын мен, баары бир жеңем.
Баары бир жеңем

Кайырма:
Сүйүүңдү уурдап кетем билгизбей сага,
Көзүңдү көздөрүмө мен көндүрүп алам.
Байланган сезимдердин баардыгын чечип,
Көңүлүң жалгыз өзүмө көндүрүп алам.

Комментарийлер (15)

26.01.2016. 20:12
 Lazat
Кыйкырып ырдайт экен го
27.01.2016. 07:40
 aziz.
Жакшы ырдайткен бирок бул ырчыны таныбайткем
28.01.2016. 19:37
 Kgstar96
Кантип уурдап алса болот суйууну магада уйротуп койгула
12.04.2016 12:28
qursy
Kgstar96,
суйууну уурдап не кыласын озун уурда
07.02.2016. 04:28
 Book
Sonun
04.04.2016. 18:20
 Akzholtoi
3
07.04.2016. 22:35
 Meer
Азаматсыз Венера айым сонун чыккан!
10.04.2016. 14:39
 Altyn10076
Жакты мага жакшы ыр экен
13.04.2016. 15:53
 suarez09
Мындай ырды бул эжеден кутподум эле.уну укмуш турбайбы.клибин кошуп койсонор супер.
25.04.2016. 06:07
 chika-chika88
"5" четкиийййй жакты
26.04.2016. 20:20
 abdymuhtar
Укмуштууууу го ыр, аябай жакты го чиркин ыррр.
29.04.2016. 17:53
 udacha.kg
Саламатсыздарбы, Админ.ушул ырдын минусовкасы болсо жуктоп койсонуздар сураныч!
03.05.2016 11:35
admin_media
udacha.kg,
Cаламатсызбы! Тилекке каршы биз минустарды жүктөбөйбүз. Шилтеме аркылуу кирип минус жүктөп жаткан колдонуучуларга купуя кат менен кайрылып көрүңүз http://www.super.kg/media/?only=useraudio&category=11
10.03.2017. 19:37
 Batma08
Оной эле уурдаш
07.07.2017. 11:32
 arzygulR
Соонун ыр
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо