Айчүрөк Иманалиева "Элегия"
03:27
5,52 Мб
Жүктөлгөн: 29-01-2016
Жанр: Поп
Сөзү:Омор Султановдуку
Обону:Түгөлбай Казаковдуку
Көчүрүү
  • Currently 3.00/5
(2 добуш)
Эмненидир мен сага арноом керек,
Көз көрүшүү болбойт го кайрадан бир.
Ал күндөрдө кайрадан баргым келет,
Эмненидир мен сага арноом керек.

Кайырма:
Сен кайдасың бул күндө мен кайдамын?
Боз жоргодой таң ашчу жайдакталдым.
Биз жоголдук экинчи кайрылбайбыз,
Сен кайдасың бул күндө мен кайдамын?

Жакшы ыр жазып мен сага арноом керек,
Барбы алдыда кездөшүү эч ким билбейт.
Ошол түнгө түбөлүк калгым келет,
Жакшы ыр жазып мен сага арноом керек.

Кайырма:

Өзүмдү-өзүм мен эми алдоом керек,
Качандыр бир кездерде жолугам деп.
Ушул ырды жакшы деп арноом керек,
Өзүмдү-өзүм ошентип алдоом керек.

Кайырма:

Комментарийлер (5)

30.01.2016. 00:56
 aibektemurov
Сонун коз ирмемдерди эске салды. Айчурок эже ырдын ажарын ачып дагы бир жолу Жан берди бул ырга :)))
01.02.2016. 05:28
 Karavancity
Админ Малика Дина Мол булак деген ырын жуктоп койгулачы
01.02.2016. 13:35
 Kgstar96
Жакшы аткарыптырсыз
03.02.2016. 20:58
 romashkakg
мыкты денгээлде ырдалыптыр. Азаматсыз !
03.02.2016. 21:55
 berekeshka
Айчурокко ыр, ырга Айчурок бап жарашыптыр
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо