Гүлжигит Калыков "Күттүм сени (New version)"
03:43
5,94 Мб
Жүктөлгөн: 01-02-2016
Жанр: Поп
Көчүрүү
  • Currently 3.67/5
(3 добуш)
Күттүм сени жолуң карап,
Күттүм сени келет деп.
Саамайымды желге тарап,
Жалгыз турдум сени эстеп.
Күттүм сени күндөп-түндөп,
Күттүм сени сагынып.
Келет деген үмүт менен,
Турам зарыгып.

Сен жүрөсүң кайда?
Таба албайм айла.
Таш беле кыздардын жүрөгү?

Кайырма:
Ансайын көрсөм деп эңсеткен,
Ак сүйүүм бир гана сен дегем!
Жоодурап көздөрүң элестеп,
Жолуңдан күтөмүн кетпестен.

Күттүм сени күн өтсө да,
Күттүм көңүл калбастан.
Үмүтүмдү үзө албай,
Максатымдан танбастан.
Күттүм сени, күтө берем,
Жашоо сенсиз жалгандай.
Жалгыз гана күтүү үчүн,
Жаралып мен калгандай.

Сен жүрөсүң кайда?
Таба албайм айла.
Таш беле кыздардын жүрөгү?

Кайырма:

Көргүм келет сенин кара көздөрүңдү,
Айткым келет сагынычка толо сөзүмдү.
Жүрөгүмдө сен, ойлорумда сен,
Дагы эле күтөм өзүңдү.

Кайырма:

Комментарийлер (9)

01.02.2016. 22:24
 edu.kg.
Жакшы!
02.02.2016. 08:56
 dastan_nookat
Бир ырды кайра кайра жанылабай жакшы бир шандуу ыр жаратса жакшы болот эле
03.02.2016. 10:17
 Ronaldo
Гулжигиттин голосу бул жакта анча билинбейт экен,тойлордо живой голос менен ыраганда тим эле кечирип кой да
07.02.2016. 15:25
 soltobek
Негизи эле Гүлжигит байкенин ырлары уккулуктуу, үнү да жагымдуу. Негедир, акыркы убакта Гүлжигит байке чыгармачылыктан алыстагансыйт көрүнөт)) Үйлөнөйүн деп жатканбы же)Өткөн жылда жеке концертин берди эле, super.kg порталынан көрө аласыздар деп айткан эле. Качан чыгат?
08.02.2016 15:33
admin_media
soltobek,
Саламатсызбы! Жакында порталга жүктөлөт. Сунушуңузга рахмат!
02.03.2016. 03:55
 Zair_Alimov
super eken new versiasy!
17.04.2016. 01:09
 flow23
Super.kg men tushunboim silerdi, emne sebepten Гулжигиттин ардагым degen yryn juktoboisunor
18.04.2016 14:54
admin_media
flow23,
Саламатсызбы! Аткаруучу сиз сурап жаткан ыр азырынча даяр эместигин билдирди. Жакында порталга жүктөлөт.
25.10.2016. 07:48
 Kuban99.kg
Класс
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо