Токтобүбү Черикчиева "Оромол"
04:54
8,96 Мб
Жүктөлгөн: 09-02-2016

Бул ыр Адилет Абдыжапаров менен биргеликте аткарылган
Жанр: Эстрада
Сөзү:Г.Шакирова которгон
Обону:Казак эл ырыныкы
Көчүрүү
  • Currently 4.67/5
(6 добуш)
Биз эми кантер экенбиз,
Жакынбыз жана бөтөнбүз.
Алыстан келсең алдыңдан
Суу алып чыгар бөтөн кыз.
Өзгөрөр турмуш божомол,
Армандан баш да бошонор.
Жоголор бир күн, жоголор,
Мен белек кылган оромол.

Тагдырдын болду жазганы,
Жар кылып алдым башканы.
Өзүңсүз эми түбөлүк,
Армандын болдум аскары.
Өзгөрөр турмуш божомол,
Армандан баш да бошонор.
Сезимди дайым жылытар
Сен белек кылган оромол.

Дайраны билбес кече албайт,
Далайлар сүзүп жете адбайт.
Жалындай жанган сезимди,
Жүрөксүз жандар сезе албайт.
Өзгөрөр турмуш божомол,
Армандан баш да бошонор.
Жоголор бир күн, жоголор,
Мен белек кылган оромол.

Оромол кышта тон эмес,
Жаш кезден калган бир элес.
Өрт болуп жанган сезимге,
Жүрөксүз гана кенебес.
Өзгөрөр турмуш божомол,
Армандан баш да бошонор.
Сезимди дайым жылытар
Сен белек кылган оромол.

Комментарийлер (13)

09.02.2016. 20:15
 Nursultan.m.n
Ииий бар экенго ырлар
09.02.2016. 21:23
 muke.1971
Жоголор бир кун тартууга берген оромол
09.02.2016. 21:28
 muke.1971
Урматтуу медиа Гулмира Айдосованын омур Жана сени сени деген ырларын созу менен кошо жуктонуздорчу сураныч сиздерден
10.02.2016 10:32
admin_media
muke.1971,
Саламатсызбы! Сунушуңузду эске алабыз, рахмат!
14.02.2016. 19:17
 Nazik0116
Биз эми кантер экенбиз Жакынбыз жана ботонбуз ииииий ыр эмес бекен)) соонун ырда бул. Баракелде!!!
17.03.2016. 12:36
 daniel87
Жакшырго жанга жагымдуу керемет
13.10.2016. 20:24
 Айдай
Биринчи суйууну эске келтирчу ыр экен.
24.03.2017. 11:38
 Snikers18
Урматтуу Админ, Жаш кыял тобунун "Аида" атуу ырын медиа-порталга жуктоп коюнуздарчы коптон коп сураныч. Бул ырды менден башка да коптогон колдонуучулар суранып эле журушот, бирок порталга жуктолбой жатат.
24.03.2017 12:23
admin_media
Snikers18,
Саламатсызбы! Сизге http://www.super.kg/media/audio/130961/ ушул жакта түшүндүрүлүп жооп берилген.

Сиз сураган ыр аткаруучунун өздүк архивинде жок болгондугуна байланыштуу порталга жүктөлө элек. Сунушуңузга рахмат!
26.04.2017. 12:02
 Ramil-94
Саламатсыздарбы! Токтобубу Черикчиеванын Кусалык аттуу ырын жуктоп коесуздарбы
28.04.2017 14:58
admin_media
Ramil-94,
Саламатсызбы! Сунушуңузду эске алабыз, рахмат!
23.04.2018. 23:57
 ganiev
Админ,Саламаисызбы! черикчиеванын жетпей келем денген ырын, соло версиясын жуктой аласызбы рахмат!
26.10.2019. 20:00
 Ema-09kg982
Кошунуз агай денег ырын да жуктоп коесуздарбы,сураныч
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо