Аваз Акимов "Балалыкка кетеличи, апаке!"
03:50
6,14 Мб
Жүктөлгөн: 10-02-2016
Жанр: Поп
Сөзү:И.Жунусовдуку
Обону:С. Бейшекеевдики
Көчүрүү
  • Currently 4.54/5
(13 добуш)
Бала кезде эр жетсем деп тез эле,
Бата тилеп жатчу элем кечинде.
Түйшүгү көп, түгөнбөгөн бул күндөн,
Тажап кеттим эмнегедир, апаке.

Тойго барсаң этегиңе жармашып,
Мен барам деп карындашымдан талашып.
Жер тепкилеп ыйлап жаткан кезиме,
Жетким келет сени менен, апаке.

Ылай болуп күндө келем кечинде,
Мотурайган бала элем, эсимде.
Бакыттын да бактысы экен ал күндөр,
Бала күнгө кетеличи, апаке!

Ошол кезде душмандарым жок эле,
Балаң анда айылдын эң шогу эле.
Шок болсом да, касташканым жок эле,
Ошол күнгө кетеличи, апаке!

Көкүлүмдү тарап коюп кечинде,
Коңшу айылга кызга кеткем, эсимде.
Бакыттын да бактысы экен ал күндөр,
Балалыкка кетеличи, апаке!
Тазанын да тазасы экен ал күндөр,
Таза күнгө кетеличи, апаке!
Аруу күнгө кетеличи, апаке!

Комментарийлер (30)

10.02.2016. 20:46
 Kgstar96
Жакшы ыр болбоптур
10.02.2016. 21:32
 aibegim
Браво!
10.02.2016. 21:59
 kandai.janym
Плохо
10.02.2016. 23:20
 mirlan15
Обондуу жакшы ыр болутур !
11.02.2016. 00:12
 nurbanur
Канча жылдан бери издедим эле бирок автордун аткаруусунда сонун болчу.
11.02.2016. 00:52
 isko-nookat
аскат мусабековдун жамиля деген ырын кайдан уксак болот?же уйуно барсамбы.
11.02.2016 12:36
admin_media
isko-nookat,
Саламатсызбы! Жакынкы күндөрү жүктөлөт.
11.02.2016. 01:49
 tokish
Аййй ата анча болбой калыптыр...
11.02.2016. 02:11
 take.kg86
Сыймык Бейшекеевдин ырына окшош экен обону. Ырдын атын таппай жатам
14.02.2016 12:20
tolik
take.kg86, Бул ыр ошол Сыймыктын ыры. Ал жакшыраак ырдаган.
11.02.2016. 02:36
 medetbek.isanov
Азаматсыз!
11.02.2016. 12:21
 Jazim93
Жакшы.....
11.02.2016. 16:16
 beben
Сыймык Бейшекеевдин ыры го таппай журдум эле жаны вариантыда жакшы экен
11.02.2016. 20:30
 jasgul
Эн сооонун ыр. Апакее жаткан жериниз жайлуу болсуун. Сагындым сизди апакее. ...
13.02.2016 18:47
marat_1910
jasgul,салам Апаныздвн орду бейиш болсун мен да ушу тапта апамды жоктоп ыйлап жатам асманып кочуп,коз жашым соолуптурат.айла жок экен Апаныз канчага барды эле
Комментарийлерди жашыруу
20.02.2016 08:54
jasgul
marat_1910, апанардын орду бейиште болсун. Билип билбей кылган куноолорун Кудай кечирсин. Жаткан жери жайлуу болуп, жузу нурлуу болсун. Менин алтын апам 65 жашында мындан 4 жыл мурун каза болгон. Апанын ордун эч Ким алмаштыра албайт экен. Тируусундо баркын билсек Гана...
12.02.2016. 07:41
 sumka
Askat musabekovdu jamiilasyn juktop koigula4y suraaaaaanyyyyyyy4! Rahmat
12.02.2016. 13:45
 nota89
орто
12.02.2016. 15:58
 sayakat
соонун
12.02.2016. 21:21
 dastan_nookat
Жакшы аткарыптыр
13.02.2016. 02:33
 kuu-1005
Сонун! Эн мыкты десемда болот!!!
16.02.2016. 13:48
 aizada15
Мага абдан жакты ыр,обонун да соонун экен,ыр деген ушундай болсо маанилуу!
08.04.2016. 17:28
 sara90
Eki varianty ten jagat...super Avaz...
21.04.2016. 18:40
 Rus.ruslan
Ырга соз жок. Керемет чыгарма экен. Ийгилик Аваз!
30.11.2016. 16:21
 gulbastym.87
Керемет
05.02.2017. 04:35
 joma.z
100 жолу уксам'да,тажабайм..класс...
08.01.2018. 16:26
 adi_ko.kg
Супер
18.02.2018. 21:10
 tolik
Ушул ырды мен көптөн бери издеп жүрдүм эле. Админ сиздерден сураныч автордун аткаруучунда жүктөп коёсуздарбы.
20.02.2018 11:05
admin_media
tolik,
Саламатсызбы! Сунушуңузду эске алабыз, рахмат.
02.07.2020. 05:41
 Bratsk123
Урматтуу админ,автордун аткаруусунда жуктоп коесунарбы?
Сураныч.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо