Ильяз Абдыразаков "Ал менин сүйгөнүм"
03:44
4,27 Мб
Жүктөлгөн: 14-02-2016
Жанр: Поп
Сөзү:Жаңылай Кекееваныкы
Обону:Ильяз Абдыразаковдуку
Көчүрүү
  • Currently 4.75/5
(20 добуш)
Ал менин арманым, азапка салганым,
Армандуу ыр ырдап өзүңө арнадым.
Жашайт ал дүйнөмдө жашырбай айтайын,
Жүрөгүм сүйөм дейт түбөлүк аны дайым.
Адашкан жолдордо
Сүйүүм бар бул жашоомдо.
Жүрөгүм ыйласа,
Батамын ойлорго.
Жалганда тапканым
Ашыгым, арманым.
Алмашкыс жанымдан
Ажырап калганмын.

Кайырма:
Сүйгөнүм сүйүүм менин,
Сагынып жашаган кезим.
Оттой жанган ал күндөрдү,
Жалгыздыкта мен эстеймин.

Сагыныч кыйнаса, сан жеткис кечтерде,
Сүрөтүн караймын сакталган дептерде.
Кусалык курчаса кайрылам эскере,
"Кайтарчы сүйүүм" деп жалынайын кимге?
Ал менин сүйгөнүм,
Ардактап жүргөнүм.
Азаптуу күндөрдө
Алмашпайт жүрөгүм.
Жалганда тапканым
Ашыгым, арманым.
Алмашкыс жанымдан
Ажырап калганмын.

Кайырма:

Комментарийлер (28)

14.02.2016. 11:48
 janko1
Соонун ыр! Ильяз байке ийгилик!
16.02.2016 09:49
Chyngyz_kg
Ийгилик!
14.02.2016. 12:09
 dastan_nookat
Ильяз эн мыктысыз!!!
14.02.2016. 13:08
 adikon-00
Классссс
14.02.2016. 14:22
 jazira_92
Молодец ырлары жакшы
14.02.2016. 20:45
 azimhan
Жакшы ыр экен
15.02.2016. 09:52
 Flander
Ильяз мурункудай ыр жарата албай жатат
15.02.2016. 16:54
 Zubi91
Жакшы ыр экен
15.02.2016. 17:32
 Angel92
Класс
15.02.2016. 23:04
 Kgstar96
Эң соонун чыгыптыр текстине сөз жок суппер.
16.02.2016. 00:43
 mirlan15
Мына эми бир аз окшошуп баратат мурунку ырларындай болуп +4
16.02.2016. 07:45
 zarifa_love
Алгаааааа
16.02.2016. 09:25
 Chyngyz_kg
Кайгылуу бирок жакшы ыр экен. Кайрадан жылдызы жанып кетсе экен Ильяздын.
16.02.2016. 09:27
 missO
Азамат Ильяз! Ырдын текстине да соз жок. Мазмундуу экен!
17.02.2016. 01:14
 guli2289
Манилуу ыр болуптур,
17.02.2016. 02:00
 jazgul10
Саламатсынарбы музыка угучулар умутум очпос суйгонум деген ырды ким ырдаган
17.02.2016. 11:05
 ulash.kg
Ильяздын ар бирин ырын кутуп журуп укчумун,кийинки кундору ырлары зээригиштуу эле болуп калды бул ырынын да башталышы жакшы андан аркысын уккум да келбеди зээригиштуу
17.02.2016. 13:04
 Tursunai23
Ал менин арманым, Ал менин сүйгөнүм, ушул саптары жакты.
Сүйгөнүндүн мандайына отуруп алып ырдап берчу ыр болуптур. Сен гана менин суйгонууууум деп ))) Иляздын ар бир ырды журогунон чыгарып, берилип ырдаганы жакты. Азамат, ийгилик!
17.02.2016. 16:27
 melek1
Jakpady
18.02.2016. 10:05
 KGclub
Ильяз Абдыразаков, бир кезде Азап деген ыры чыкканда ооруп укчуу элем. Кийин дагы катарынан бир топ эле кучтуу ырлар жанырып отту. Албетте азамат демекчимин. Бирок Ильяз, акыркы убакта аранжировкага анча конул бурбай койгонсунбу , айтор суз болуп кетиптир. Баякы "Азап" деген ырындагы адамды буусун жазчуу бир дагы нерсе жок бул ырда. Жакшылап дагы дал ошондой "АЗАП" сымал ырларды жаратсан, угармандарын кутуп турган чагы. Ийгилик алдыда. Озгортуу киргиз анан аранжировкага.
19.02.2016. 11:31
 s_soldier_91
Ильязга чыгармачылык ийгилик!мурдакыдай хит ырларды кутобуз.
22.02.2016. 22:36
 joysin777
жакты ийгилик каалайм
24.02.2016. 21:02
 maksat.abdukaharov
Эн соонун
26.02.2016. 20:39
 esimde
Ушул ырды уксам журогум эзиле берет((( коп угам менин тагдырым баяндалгандай
ин.

Сагыныч кыйнаса, сан жеткис кечтерде,
Сүрөтүн караймын сакталган дептерде.
Кусалык курчаса кайрылам эскере,
"Кайтарчы сүйүүм" деп жалынайын кимге?
Ал менин сүйгөнүм,
Ардактап жүргөнүм.
Азаптуу күндөрдө
Алмашпайт жүрөгүм.
09.03.2016. 17:41
 KYRGYZJERI
соонун
13.03.2016. 10:48
 burulu
мүңдуу экен
06.04.2016. 17:55
 Zvezda.KGKG
Супер ийгигилик ыр хит..
04.06.2016. 20:14
 Aikosa
Жүрөгүм сүйөм дейт түбөлүк аны
дайым(((((
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо