Исирадин Аманбаев "Кошуна кыз"
03:23
3,09 Мб
Жүктөлгөн: 07-03-2016
Жанр: Эстрада
Сөзү:Анатай Өмүркановдуку
Обону:Исирадин Аманбаевдики
Көчүрүү
  • Currently 3.00/5
(4 добуш)
Кечке чейин тең жарышып жел менен,
Чарчаганда уктап калсаң мен менен.
Аныкында кызым коркпойт мейли деп,
Апаң издеп биздикине келбеген.

Кайырма:
Кошуна кыз, кошуна кыз, кошуна,
Балалыктын жылынганбыз балдан таттуу отуна,
Кошуна кыз, кошуна кыз, кошуна,
Жаш кезектин жылынганбыз, жан эргиткен отуна.

Эгер сени бирөө айтса жаман деп,
Оозуман октой уччу жаман кеп.
Сураганга жооп берчү элек тартынбай,
Сен тием деп, а мен болсо алам деп.

Кайырма:

Анда деле тоо ушундай жатчуле,
Анда деле суу ушундай акчу эле.
А бирок да сеникинен чыккан күн,
Алоолонуп биздикинен батчу эле.

Кайырма:

Анда деле кар асмандан түшчү эле,
Анда деле жерден түшүм күтчү эле.
А бирок да сеникинен чыккан жол,
Жүрүп-жүрүп биздин үйдөн бүтчү эле.

Кайырма:

Комментарийлер (7)

07.03.2016. 21:05
 taalay89
Саламатсызбы админ сөзү анатай өмүрканов
Обону гүлкакы сагындыкова аткаручуу айзада таджиева бир сөз айт деген ырды жүктөп койуңуздарчы суранам.
08.03.2016 11:45
admin_media
taalay89,
Саламатсызбы! Сунушуңузду эске алабыз, рахмат!
08.03.2016. 10:20
 take.kg86
Жакты соонун ыр бирок бул ыр жаңы ыр эмес алдыңда уккам
11.11.2016. 02:58
 Maxabat8778
Соонун ыр.ушул ырды уккан сайын балачак коз алдыма тартылат,кошуна балдар-кыздар эхххх....
04.04.2017. 03:18
 Mira88
Саламатсызбы админ Исрадин Аманбаевдин аткаруусунда Жолугалы ак бууранын боюнан деген ырын жуктоп койосузбу сураныч.
04.04.2017 16:31
admin_media
Mira88,
Саламатсызбы! Шилтеме менен кириңиз: http://www.super.kg/media/audio/188951
14.04.2017. 16:50
 Mira88
admin_media рахмат
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо